Ош АШК акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрдү

22 июня 2021

2021-жылы 22-июнда Ош аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышуучу саясий партиялардын ортосунда “ЭлТР” мамлекеттик телекөрсөтүүсүндө акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрдү.

“Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө”  Нускамага ылайык көрсөтүлгөн эфир убактысы теле- жана радиопрограммалар алда канча көп аудиторияны чогулткан – саат 20.00дөн саат 24-00гө чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш.

Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча кезектүүлүк төмөнкүдөй болду (аял талапкерлер менен интервью):

Эфир датасы: 22.06.2021-ж., 23.06.2021-ж., 24.06.2021-ж., 25.06.2021-ж., 28.06.2021-ж.

Эфир убактысы: саат 20.00-20.20, саат 20.20-20.40.

«Ынтымак»

«Улуу-Журт»

«Биздин Кыргызстан»

« Улуттар биримдиги»

«Келечек-Будущее»

«Бүтүн Кыргызстан»

«Ата-Журт Кыргызстан»

«Бир бол»

«Нур».

Лидерлер менен теледебат  2021-ж. 29-июндан 2-июлга чейин:

Эфир датасы: 29.06.2021-ж., 30.06.2021-ж., 01.07.2021-ж.

Эфир убактысы: саат 20.00-20.20, саат 20.20-20.40.

Лидерлер менен теледебат  2021-ж. 5-июлдан 8-июлга чейин:

Эфир датасы: 05.07.2021-ж., 06.07.2021-ж., 07.07.2021-ж., 08.07.2021-ж.

Эфир убактысы: саат 20.00-21.00.

«Ынтымак»

«Улуу-Журт»

«Биздин Кыргызстан»

«Улуттар биримдиги»

«Келечек-Будущее»

«Бүтүн Кыргызстан»

«Ата-Журт Кыргызстан»

«Бир бол»

«Нур».

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү