БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

21 июня 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын  21-июнунда “Кыргызстан социал-демократтар партиясы” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Каримов Нодирбек Тохтосиновичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

КР БШК “Кыргызстан социал-демократтар партиясы” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Каримов Нодирбек Тохтосиновичтин ыйгарым укуктарынан бошотуу жөнүндө өз арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Каримов Нодирбек Тохтосиновичтин күбөлүгү анык эмес деп табылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү