Бугун Жумгал районундагы Миң-Куш жана Чаткал районундагы Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчыларын кайрадан шайлоо өткөрүлөт.
20 мая 2013
Бүгүн Жалал-Абад областынын Чаткал районундагы Терек-Сай айыл өкмөтүнүн жана Нарын областынын Жумгал районундагы Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчыларын кайра шайлоо болот. Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 15-апрелине, Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 25-апрелине дайындалган, бирок аталган эки айылдык кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган. Кайра шайлоо откоруу чечими Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында кабыл алынган. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
