БШК Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

19 июня 2021

БШК Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана

резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы 2021-жылдын 19-июнундагы жыйналышында Ош
аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр киргизилди:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан
көрсөтүлгөн Муратов Абдижалил Абдыразакович, Абдуллаева Чинара
Турарбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан
көрсөтүлгөн Ахматова Гульнара Курманбековна, Зарипбек уулу Бекболсун
резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Чечим Ош аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү А.А.
Муратовдун, Ч.Т. Абдылдаеванын Ош аймактык шайлоо комиссиясынын
курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз
Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо
комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-
беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому
менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо
комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу» Жобосуна
ылайык кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү