БШК Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын укук коргоо органдарын шайлоо мыйзамдарын бузууларга чара көрүүгө окутууда

16 июня 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн “Шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузууларга байланыштуу чараларды иштеп чыгууда жана чара көрүүдө укук коргоо органдарынын ролу” деген темада тренингдердин циклын өткөрө баштады.

КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо тутумун реформалоо процессинде шайлоо өнөктүгүнүн процессинде талапкерлерди жана партияларды колдон келишинче аз мүмкүнчүлүк болсун үчүн жарандарга тандоо укугун берүүгө ырааттуу иш жүргүзүп келатканын маалымдады. Анын алкагында шайлоо комиссиялары талапкерлер, шайлоочулар, жарандар тараптан шайлоо мыйзамдарынын сакталышына контроль жүргүзүп, тиешелүү чараларды колдонуучу ченемдер киргизилген. Жазык жоопкерчилиги, Жоруктар жөнүндө кодекс боюнча жоопкерчилик каралган бузуулар боюнча эгерде талапкерлер жана партиялар андай бузууларга жол берсе, Борбордук шайлоо комиссиясы негиздүү чечим кабыл алыш үчүн тиешелүү ички иштер органдарынын корутундусун алууга тийиш экендигине так чек коюлган.

Тактап айтканда, саясаттан тышкары болуунун мааниси мында: талапкерлердин же партиялардын шайлоого катышуусунда же катышпоосунда шайлоо комиссиясы администрациялык
жөнгө салуучу болууга тийиш эмес. Ал эми мурда реформага чейин шайлоо комиссиялары “жакпагандарды” шайлоодон четтетүүнүн куралы болуп келген.

Конституциялык-укуктук жоопкерчилик чараларынын блогу бар, шайлоо комиссиялары ал чараларды талапкерлер, партиялар тараптан талаптарга ылайык келбеген учурларда колдонот. Үгүт ишине, дебаттарга катышуу үчүн партияларды, талапкерлерди каттоодо белгилүү бир талаптар бар, документтерди берүү боюнча дагы талаптар бар. Ал талаптар
аткарылбаган учурда жөнгө салуучу чаралар, мисалы, документтер берилбеген учурда комиссия толук пакетти берүүнү талап кылат, комиссиянын Бузуулар жөнүндө кодекс боюнча жоопкерчилиги бар.

“Мындай чек коюу мындан ары дагы өркүндөтүлөт, себеби тажрыйба кыйла так эрежелерди талап кылууда. “Начар башкаруучулар жакшы мыйзамдар менен кризиске жеткизиши мүмкүн, жакшы башкаруучулар начар мыйзамдар менен натыйжалуу иш жүргүзүшү мүмкүн” деген ылакап сөз бар. Азыркы кезде бузууларга каршы натыйжалуу күрөшүүгө, шайлоо процессинин катышуучулары менен шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик башкаруунун башка органдарынын ортосунда укуктук мамилелердин тутумун түзүүгө шайлоо мыйзамдары толук даражада мүмкүнчүлүк берет”, -деп сөзүн жыйынтыктады КР БШК төрагасы.

КР ИИМдин тергөө кызматынын бөлүмүнүн начальниги Султан Макилов тренингдердин максаты жана милдети жөнүндө айтып берди. “Шайлоо мыйзамдары боюнча тренингдер Бишкек ИИББ кызматкерлери үчүн Бишкекте, Чүй облусунун ИИБ кызматкерлери үчүн Токмок шаарында, Ош шаарында Ош облусунун ИИББ кызматкерлери үчүн өткөрүлөт. Ал тренингдерде шайлоо укугунун маселелери айтылат, конституциялык мыйзамдарды, Жазык кодексин туура квалификациялоо, шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларды сабаттуу териштирүү маселелери талкууланат. Тажрыйбада кездешүүчү учурлар, практикада болгон көйгөй маселелер, учурда орун алган проблематика жана аларды мындан ары чечүү маселелери талкууланат.

Өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо көбүнесе администрациялык ресурсту пайдаланууга байланыштуу көп бузуулар, добуш сатып алуулар, башка бузуулар болду. Эми далилдер жөнүндө маселелердин тегерегинде сөз болот: кандай далилдер керек, аларды кантип топтоо керек жана билдирүү түшкөн учурдан тартып, сотко жөнөткөнгө чейин укук коргоо органдары аларды кантип бекемдеш керек. Ушулардын баарын тренингдерде окуп, үйрөнөбүз”, - деп айтты С. Макилов.

КР БШК мүчөсү Г.Джурабаеванын айтуусу боюнча көзгө урунбаган, териштирүү жана жазалоо кыйынга турган бузуулар бар.

“Ал баарыдан мурда администрациялык ресурсту пайдаланууга жана добуш сатып алууларга байланыштуу бузуулар. Добуш сатып алуу көбүнчө мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын түйүнү аркылуу ишке ашырылат, аны далилдөө кыйын. Бирок социалдык түйүндөр, Интернет улам көп пайдаланылып, жашоо-турмуш ачык-айкын болуп, бузуу коомчулуктун көз жаздымында калбай баратат, бул укук коргоо органдарына жардам берүүдө”, - деп белгиледи Г.Джурабаева.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү