Башкы Жаңылыктар КР БШК кээ бир ЖӨБ башчыларын шайлоодогу добуш …

КР БШК кээ бир ЖӨБ башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти

15-Июн, 2021

 

2021-жылы 15-июнда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЖӨБ башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти.

 

Ысык-Көл облусу боюнча:

Ак-Суу районунун Ак-Булуң, Жыргалаң, Кереге-Таш, Октябрь, Тоң  районунун Улахол, Көк-Мойнок, Б. Мамбетов айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди.

Төрөгелдиев Эркинбек Кашымбекович Ак-Суу районунун Ак-Булуң айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Мукалаев Талгат Абдыкадырович Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Эмил уулу Арстанбек Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Кенжебаев Кутман Женишбекович Ак-Суу районунун Октябрь айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Бейшеев  Медербек Рыскелдиевич Тоң районунун Улахол айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Куланбаев Таалайбек Асангариевич Тоң районунун Көк-Мойнок айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Кылжыров Руслан Темирбекович Тоң районунун Б. Мамбетов айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.

Нарын облусу боюнча:

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Тал жана Үгүт, Ат-Башы районунун Кара-Суу, Ак-Муз, Баш-Кайыңды, Талды-Суу, Ак-Талаа жана Кара-Коюн, Кочкор районунун Кош-Дөбө, Кум-Дөбө, Көк-Жар, Соң-Көл жана Сары-Булак, Нарын районунун Эмгекчил, Казан-Куйган, Эмгек-Талаа, Ак-Кудук, Достук, Жан-Булак, Жумгал районунун Миң-Куш, Кабак, Таш-Дөбө, Куйручук жана Жумгал айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди.

Айтмамбетов Уланбек Билалович Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Аалыбаев Рахат Алманбетович Ак-Талаа районунун Ак-Тал айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Чыныбаев Омурбек Карыбекович Ак-Талаа районунун Үгүт айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Мамытов  Бактыбек  Кемелбекович Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Иса уулу Нурланбек Ат-Башы районунун Ак-Муз айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Мамытов Аскарбек  Жаныбекович Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Алакунов Нурбек  Үмөтович Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Стамакунов Таланбек Акматбекович Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Кермакунова Гүлзаада Калыбековна Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Таланбек уулу Талгар Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Белеков Адилет Чолпонбекович Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Сабыржанов Жылдызбек Сарылжанович Кочкор районунун Көк-Жар айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Айманов Урматбек Муканбетович Кочкор районунун Соң-Көл айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Макишов Эрнис Орозобекович Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Бектуров Алтынбек Жунусович Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Мамбеткулов Чынгыз Майрамбекович Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Мукашов Кубанычбек Мукашович Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Боскунчиев Улан Бейшенбекович Нарын районунун Ак-Кудук айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Сейдилдаев Максатбек Сейдилдаевич Нарын районунун Достук айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Калиев Өмүрбек Асаналиевич Нарын районунун Жан-Булак айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Алманбетов  Канат  Джакупович Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Качкын уулу Эрлан Жумгал районунун Кабак айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Мойноков  Алтынбек  Каныбекович Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Абылабеков Бердибек Жумгал районунун Куйручук айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Болоталиев  Узак Жыргалбекович Жумгал районунун Жумгал айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.

Талас облусу боюнча:

Талас облусунун Манас районунун Май, Кыргызстан, Покровка, Талас районунун Калба, Жергетала, Кара-Суу, Өмүралиев, Бакай-Ата районунун Бакай-Ата, Акназаров, Кең-Арал, Шадыкан, Өзгөрүш айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди.

Рыскулов Кубанычбек Ракынович Манас районунун Май айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Жунусалиев Мирланбек Аширбекович Манас районунун Кыргызстан айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Дүшөбаев Мукталы Бошкоевич Манас районунун Покровка айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Төлөева Замира Женишовна Талас районунун Калба айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Сакеев Тилек Беренбекович Талас районунун Жергетал айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Касымбеков Анарбек Каймазарович Талас районунун Кара-Суу айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Кубанычбеков Алмазбек Кадырбекович Талас районунун Өмүралиев айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Байдулатов Руслан  Кулмырзаевич Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Жакшымбетов Ильяс Тороканович Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Нурматов Бакыт Сарымбекович Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Таалайбеков Бийгазы Таалайбекович Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Надырбаев Замирбек Медербекович Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.

Ош облусу боюнча:

Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак, Ак-Жар, Салам-Алик жана Көлдүк, Ноокат районунун Т. Зулпуев, Мирмахмудов жана Көк-Бел, Чоң-Алай районунун Жекенди, Чоң-Алай жана Кашка-Суу, Алай районунун Будалык, К. Бөлөкбаев атындагы Алай жана Гүлчө, Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз, Араван районунун Чек-Абад, Алля Анаров, Тепе-Коргон, Керме-Тоо жана Төө-Моюн айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди.

Султанов Эркин Режапович Өзгөн районунун Дөң-Булак  айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Максутов Кылычбек Замирович Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Сатыбалдыев Равшанбек Раимбекович Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Курманкулов Райимберди Аалыевич Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Мурзакулов Советбек Сыдыкович Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Сайтбаев Юсупжан Якубжанович Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Айткулов Асилбек Эсеналиевич Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Нышанбаев Болотбека Нуруллаевич Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Мамажакыпов Осконбай Кубатидинович Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Рахманов Айтмамат Жаркынбаевич Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Мусабаев Кадырбек  Арапбаевич Алай районунун Будалык айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Кулов Анарбек Абдыраманович Алай районунун К. Бөлөкбаев атындагы Алай айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Исаев Сүйөрбек  Курманбекович Алай районунун Гүлчө айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Мамишов Дагыбек Алимбекович Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Эргашев Рафикжан Колдошевич Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Нурбаев Жалолидин Паязидинович Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Мусаев Максатбек Абдувайитович Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Эшматов Рахманали Суюмбаевич Керме-Тоо айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Орозбаев Мирланбек Абдимиталипович Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.

Жалал-Абад облусу боюнча:

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Могол, Кызыл-Үңкүр, Ноокен районунун Ноокен, Момбеков, Достук, Чаткал районунун Каныш-Кыя, Чаткал, Сумсар, Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Сары-Булуң, Каргалык, Сузак районунун Кара-Алма, Курманбек, Кыз-Көл, Барпы жана С. Атабеков айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди.

Турдукулов Эркинбек Нурдинович Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Аманкулов Казыбек Жолдошбаевич Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Календеров Болот Калдарбекович Ноокен районунун Ноокен айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Абдыжапаров Кадырбек Зулпукарович Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Мамасадыков Замирбек Дүйшалыевич Ноокен районунун Достук айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Смаилов Капарбек Кутбидинович Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Султанбек уулу Расулбек Чаткал районунун Чаткал айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Оморов Чынгыз Ашырбекович Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Секелеңов Рыскулбек Самидинович Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Олжотоев Марлис Жээнбекович Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

 Артыкбаев Эмилбек Артыкбаевич Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Анаркулов Ойрот Ажибаевич Сузак районунун Кара-Алма айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Түгөйбеков  Нурсултан Түгөйбекович Сузак районунун Курманбек айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Бобошев Талантбек Абдуллаевич Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Сайитбеков Нурлан Авийевич Сузак районунун Барпы айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Шералиев Шухратиллу Жунусалиевич Сузак районунун С. Атабеков айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.

Баткен облусу боюнча:

Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков, А. Масалиев, Марказ, Үч-Коргон, Чаувай, Бирлик, Совет, Көтөрмө жана Алга айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди.

Алиев Алтынбек Ганыевич Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Маматкулов Давранбек Жамшидович Кадамжай районунун А. Масалиев айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Тургунов Кубанычбек Турабаевич Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Абдурахманов Ахматжон Турсунович Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Назаров Нурбек Идирисович Кадамжай районунун Чаувай айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Маканбаев Жеенбек Абдирасулович Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Осмонова Галбу Акушовна Кадамжай районунун Совет айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Таабалдиев Райимбек Исмаилович Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөт башчысы болуп шайланды;

Дыканов Жыргалбек Рахманович Кадамжай районунун Алга айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.

 

КР БШК аппаратынын маалыматбөлүмү

 

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>