БШКда чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен ЖКны шайлоого катышуу маселесин талкуулашты
13 июня 2021
БШКда чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен ЖКны шайлоого катышуу маселесин талкуулашты.
Онлайн-жолугушууга Россия, Казахстан, Кытай, Австрия, Италия, ГФР, Франция, Япониядагы ж.б. кыргызстандыктардын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жарандарынын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун мүчөлөрү – БШК, ТИМ, МКК ж.б. мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Учурда Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган шайлоочулардын тизмесинде бардыгы 52 миңге жакын жаран бар.
Бул тизме элчиликтерде жана консулдук мекемелерде консулдук каттоодо турган, биометрикалык каттоодон өткөн жарандар тууралуу маалыматтардын негизинде Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилет.
Биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана консулдук каттоого турган жарандар тиешелүү участок боюнча шайлоочулардын алдын ала тизмесине автоматтык түрдө киргизилет.
Консулдук каттоого коюу жол-жобосу абдан жеңилдетилген – аны аралыкта жана акысыз түрдө ТИМдин порталында (www.mfa.gov.kg) ишке ашырса болот.
Биометрикалык каттоо жол-жобосунан өтүү үчүн чет өлкөлөрдөгү мекемелерге баруу талап кылынат.
Жарандардын шайлоочулардын тизмесине киргизүү жөнүндө маалыматты «Тизме» http://www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында же шайлоо мезгилинде – Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин аймагындагы шайлоо участокторунда тактоого болот.
БШК төрагасы каттоо, паспорт маселелери, шайлоочулардын тизмелери боюнча чет өлкөлөрдөгү жарандарга кеңеш берүү жана практикалык жардам көрсөтүү үчүн чет мамлекеттерге «мобилдик топторду» (курамында КР БШКнын, КР ТИМдин жана КРӨ МКК өкүлдөрү болгон) жөнөтүү практикасы улантылаарын маалымдады.
Мобилдик топтор жарандары консулдук эсепке коюу, биометрикалык каттоодон өткөрүү, алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу тартиби, анын ичинде жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү маселелери, чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участоктору боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү.
Азыркы кезде мурдагы өнөктүктөрдө өздөрүнүн натыйжалуу иштерин көрсөткөн мобилдик топтор баруучу шаарлардын тизмегин аныктоо, алардын иш графигин пландоо иштери жүргүзүлүүдө.
Мобилдик топтор КР БШК тарабынан түзүлүп, БУУӨП, МОМ, Германия Өкмөтүнүн колдоосу алдында чет өлкөлөрдөгү шаарларга жөнөтүлөт.
БШК башчысы өлкөнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди. Ага ылайык шайлоо өткөрүү типтеринин 2 варианты коомдук талкууга коюлду:
1. ачык тизмелер менен пропорциялык тутум боюнча (б.а. шайлоочу партия үчүн, ошондой эле тизмедеги конкреттүү талапкер үчүн добуш берүүгө мүмкүнчүлүк алат);
2. аралаш тутум боюнча (35 депутат бир мандаттуу округдар боюнча шайланат, 55 депутат пропорциялык тутум боюнча шайланат).
Шайлоочулардын тизмесине 3 млн. 600 миңге жакын жаран киргизилерин эске алганда, Жогорку Кеңеш аралаш тутум боюнча вариантты колдосо, бир мандаттуу округдар боюнча 35 депутатты тандоодо Кыргызстандын аймагы 35 округга бөлүнөт. Демек, ар бир округда шайлоочулардын саны болжолдуу алганда 103 миң жаранды түзөт.
БШК төрагасы төмөнкү учурга басым жасады: үстүбүздөгү жылдын күзүндөгү парламенттик шайлоого карата чет өлкөлөрдө шайлоочулардын тизмесине 100 миңден ашык жаран киргизилсе, бул чет өлкөлөрдө жарандарды тигил же бул округга киргизүү же өзүнчө округ түзүү жөнүндө маселени кароо үчүн негиз болот.
Жолугушуунун жыйынтыгында чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын коомдук бирикмелеринин лидерлери менен мындай талкууларды онлайн таризинде дайыма өткөрүп туруу, анын жүрүшүндө шайлоо процессиндеги актуалдуу маалыматтар жана жаңылыктар менен тааныштыруу жөнүндө макулдашылды.
Ошону менен бирге БШК башчысы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алкагында чет өлкөлөрдө жашаган жарандардын жарандык укуктарын аткаруусун жеңилдетүү максатында комиссия шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча ой-пикир, сунуштарын алууга ачык жана даяр экендигин белгиледи.
Жарандар тийиштүү кайрылууларын төмөнкү даректер боюнча жөнөтө алышат:
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жарандарынын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси, БШК төрагасынын орун басары Эшимов Акылбек Жусупович тел.: +996-312-660-191, +996-312-620-150, e-mail: mekendesh@shailoo.gov.kg.
- БШКнын расмий сайты - http://shailoo.gov.kg учурдагы окуялар, шайлоо процесси, БШК жыйналыштары, жоболору, курамы ж.б. тууралуу маалыматтарды берет.
- “Тизме” - https://tizme.gov.kg/ порталы облустар, гендер, жаш курак топтору ж.б. боюнча шайлоочулардын тизмеси тууралуу маалыматтарды камтыйт.
- “Талапкер” - http://talapker.shailoo.gov.kg/ маалымат ресурсу талапкерлер тууралуу маалыматтарды камтыйт.