Каракол жана Чолпон-Ата шаарларынын мэрлерин шайлоо болуп өттү

10 июня 2021

2021-жылы 10-июнда Ысык-Көл облусунун Каракол жана Чолпон-Ата шаарларынын мэрлерин шайлоо  болуп өттү.

Каракол шаарынын мэринин кызмат ордуна “Бирге-Вместе”, “Табылга”  көпчүлүк коалициясынан көрсөтүлгөн талапкер – Джумаев Эрмат Джумаевич жана “Эмгек” фракциясы көрсөткөн Каниметов Адыл Жанкорозович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Джумаев Эрмат Джумаевич Каракол шаарынын мэри болуп шайланды. Ал үчүн Каракол шаардык кеңешинин 31 депутатынын 19у добуш беришти.

Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер – “Улуу Кыргызстан” фракциясы көрсөткөн Иманбеков Бердибек Шайлообекович жана “Ата Мекен” фракциясы көрсөткөн Чекиров Муктар Сокинович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Иманбеков Бердибек Шайлообекович Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп шайланды. Ал үчүн Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 21 депутатынын 14ү добуш беришти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү