Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республиканын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республиканын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун Кыргызстан калкын Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктоосу

07-Май, 2013

Кымбаттуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери! Урматтуу Кыргызстан калкы!

Сиздерди 9-май УЛУУ Жеңиш күнү менен чын дилимден куттуктайм. Биз үчүн Жеңиш күнү - миллиондогон адам баласынын кайгы менен кубанычы аралаш көз жашынан бүткөн улуу майрам, улуу күн. Адамзат тарыхындагы эң кыянаттуу кыргынга акыркы чекит коюлган күнгө 68 жыл толуп отурат. Ошондон бери фашизм менен кашык каны калганча жан аябай күрөшкөн ата-бабаларыбыздын эрдигин түбөлүккө даңктоо иретинде "Жеңиш!" деген ыйык сөз баштамга менен жазылып келет. Канмайданда каза болгондордун, арабыздан көзү өтүп кеткен маркум ардагерлердин, азыр да биз менен аралашып жүргөн ата-энелердин чыныгы эрдигине таң берип, мына ошол канмайдан менен оорукта жамы журттун жабыла аракетинин аркасында гана Улуу Жеңиш жаралгандыгын туюп турабыз.

Бул күнү биз кан-жанын аябастан Ата Журтту фашизмден коргогондорго, Улуу Жеңиш үчүн оорукта күнү-түнү эмгектенгендерге, ХХ кылымдын эң кандуу согушунда аман калып, келечек муун үчүн талыкпаган эмгеги менен өз жерин кайрадан калыбына келтиргендерге таазим этебиз.

Алардын каармандыгы, кайраты жана баатырдыгы азыркы жана келечек муундар үчүн Мекенин жан-дили менен сүйүүнүн өчпөс мисалы, элдин биримдигинин жана ынтымагынын жаркын символу болуп кала бермекчи.

Согуш ардагерлерине, маркумдардын жесирлери менен бала-бакыраларына, оорук эмгекчилерине чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалаймын.

Сиздерди терең урматтоо менен,

Кыргыз Республикаынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>