Жумгал районунун Миң-Куш жана Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 20- майда өтөт.
06 мая 2013
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында, республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн жана Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2013-жылдын 20-майына дайындоо жөнүндө токтом кабыл алды. Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 15-апрелине, Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын
25-апрелине дайындалган, бирок аталган эки айылдык кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
