2013-жылдын 23 майы күнү республиканын 15 айылында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт
06 мая 2013
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болду. Анда 2013- жылдын 23- майында республиканын 15 айылдык аймактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын -айыл өкмөт башчыларын шайлоо жөнүндө токтом кабыл алынды. Шайлоо:
Ала-Бука районундагы Өрүктү, Биринчи май,
Базар-Коргон районундагы Могол, Кызыл-Үңкүр,
Тогуз-Торо районундагы Кара-Суу,
Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала- арча,
Ысык-Ата районундагы Бирдик, Кең-Булуң,
Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан,
Кадамжай районундагы Марказ, Халмион,
Алай районундагы Бүлөлү,
Чоң Алай районундагы Кашка-Суу
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
