Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын Аппарат жетекчилигине Султанов М.С. дайындалды

13 июля 2011

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Төрагасы Т.Абдраимовдун 2011-жылдын 12-июлдагы буйругу менен 1966-жылы туулган Султанов Марат Сейтбаевич КР БШКнын Аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул кызмат 2010-жылдан бош турган.

М.Султанов 1990-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин “укук таануу” адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун 1990-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда консультанттыктан баштаган.

1991-жылдан 1995-жылга чейин Чүй областынын Ысык-Ата районунун сотунда судья, Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунда судья болуп иштеген.

Түрдүү жылдарда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын юридикалык бөлүмүндө референт, эксперт, сектор башчысы кызматын аткарган.

1999-2002-жылдары жана 2006-жылдан 2008-жылга чейин эки жолу Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун төрагасы болгон.

2003-жылдан 2006-жылга чейин АРИСте юрист, андан кийин АРИСтин аткаруучу директору болгон.

2008-жылдан 2010-жылга чейин Бишкек шаардык сотунун төрагасы болгон. 2011-жылдын март айынан КР БШК Аппаратынын жетекчиси болгонго чейин АРИСте юристтик кызматта иштеген.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы.