Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоо процессинин катышуучуларына КАЙРЫЛУУСУ

02 июня 2021

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы № 231 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна дайындалды.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык талапкерлер, алардын жакын туугандары, талапкердин жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.

Мындан тышкары, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды төмөнкүдөй сатып алууну жүзөгө ашырууга тыюу салынары белгиленген:

  • акча каражаттарын төлөп берүү;
  • белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшыруу;
  • товарларды жеңилдетилген баада сатуу;
  • саясий партиянын символун, талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарды албаганда, ар кандай товарларды акысыз таркатуу;
  • акысыз же жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтүү.

Учурда Бишкек АШКга Бишкек шаардык кеңешинин иштеп жаткан депутаттары жана келечектеги депутаттыкка талапкерлер тараптан жүргүзүлүп жаткан кайрымдуулук иш-чаралары тууралуу билдирүүлөр келип түшүүдө. Түшкөн маалыматтардын баары жазылууда, кийинчерээк тиешелүү чаралар көрүлөт.

Ушуга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы саясий партияларды, ошондой эле келечектеги талапкерлерди жогоруда аталган Мыйзам белгилеген ченемдерди бузуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келүүчү аракеттерге жол бербөөгө чакырат.

Маалымат катары Бишкек АШК Бишкек шаарынын шайлоочуларына шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузууну күбөлөндүргөн фактылар тууралуу 0500 382426 телефону (WhatsApp) боюнча Бишкек АШКнын ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна билдирүүнү өтүнөбүз.