Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй …

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ

22-Апр, 2013

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2013-жылдын 19-апрелиндеги  №51

токтому менен

бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын

КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ

 

Шайлоо күнү – жекшемби

          2013-жылдын 26-майы

 

№

 

Иш-чаралардын мазмуну

Аткаруу мөөнөттөрү

Аткаруу үчүн жооптуулар

Шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү

1. 

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын түзүү (Төлөйкөн айылдык кеңешинин Учар шайлоо округу, Кызыл-Суу айылдык кеңешинин  Батыш жана Жалгыз-Өрүк шайлоо округдары боюнча)

Добуш берүү күнүнө чейин 33 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2013-жылдын 23-апрелине чейин)

Аймактык шайлоо комиссиялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен

(«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы) - (мындан ары – Мыйзам) 10-берене, 4-бөлүк

2.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын бекитүү (Төлөйкөн айылдык кеңешинин Учар шайлоо округу боюнча, Кызыл-Суу айылдык кеңешинин Батыш жана Жалгыз-Өрүк шайлоо округдары боюнча)

Добуш берүү күнүнө чейин 33 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2013-жылдын 23-апрелине чейин)

Аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын уюштуруу бөлүмү)

(Мыйзам, 10-берене, 5-бөлүк)

3.

Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын ЖМКга жарыялоо (Төлөйкөн айылдык кеңешинин Учар шайлоо округу боюнча, Кызыл-Суу айылдык кеңешинин Батыш жана Жалгыз-Өрүк шайлоо округдары боюнча)

Алар бекитилген күндөн тартып 3 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2013-жылдын 26-апрелине чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы

ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы)

(Мыйзам, 10-берене, 6-бөлүк)

4.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларын түзүү (Төлөйкөн айылдык кеңешинин Учар шайлоо округу боюнча, Кызыл-Суу айылдык кеңешинин Батыш жана Жалгыз-Өрүк шайлоо округдары боюнча)

Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2013-жылдын 26-апрелине чейин)

Аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам 11-берене, 2, 3-бөлүктөр)

5.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларын бекитүү (Төлөйкөн айылдык кеңешинин Учар шайлоо округу боюнча, Кызыл-Суу айылдык кеңешинин Батыш жана Жалгыз-Өрүк шайлоо округдары боюнча)

Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2013-жылдын 26-апрелине чейин)

Аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын уюштуруу бөлүмү)

(Мыйзам, 10-берене, 3-бөлүк)

6.

Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын ЖМКга жарыялоо (Төлөйкөн айылдык кеңешинин Учар шайлоо округу боюнча, Кызыл-Суу айылдык кеңешинин Батыш жана Жалгыз-Өрүк шайлоо округдары боюнча)

Алар бекитилген күндөн тартып 3 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2013-жылдын 29-апрелине чейин)

ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы)

(Мыйзам, 11-берене, 3-бөлүк)

7.

Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана алардын резервдери үчүн окутуучу тренингдерди өткөрүү

Өзүнчө план жана график боюнча

Окутуу жана шайлоо технологиялары борбору, Шайлоо технологиялары борбору, аймактык шайлоо комиссиялары

8.

Шайлоо процессине катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн окутуучу тренингдерди өткөрүү

Өзүнчө план жана график боюнча

Окутуу жана шайлоо технологиялары борбору, Шайлоо технологиялары борбору, аймактык шайлоо комиссиялары

Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө

9.

Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, катталган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды түзүү жана тактоо

 

Шайлоо дайындалган күндөн тартып, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2013-жылдын 24-майына чейин)

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөгү аркасында атайын өкүлдөр, системдик администраторлор

(Мыйзам, 12-берене)

10.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык түзүлгөн шайлоочулардын негизги тизмесинен «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын 3-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды чыгарып салуу

 

Добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2013-жылдын 24-майына чейин)

Аймактык шайлоо комиссиялары, тиешелүү мекемелердин жетекчилери, атайын өкүлдөр, системдик администраторлор

(Мыйзам, 12-берене, 3, 7-бөлүктөр)

11.

Шайлоочулардын тизмелерин принтерден (2 нускада) чыгаруу жана шайлоо участкаларына бир нускадан берүү (тизмелерге аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары кол коет жана мөөрү менен бекитилет)

 

Добуш берүү күнүнө чейин 26 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2013-жылдын 30-апрелине чейин)

 

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары, атайын өкүлдөр, системдик администраторлор, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары

(Мыйзам, 12-берене, 4-бөлүк)

12.

Шайлоочуларга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын тизмелерин илүү

 

Добуш берүү күнүнө чейин 26 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2013-жылдын 30-апрелине чейин)

 

Участкалык шайлоо комиссиялары

 

(Мыйзам, 13-берене, 1-бөлүк)

13.

Кабарлоонун формаларын бекитүү

(2013-жылдын 1-майына чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы

14.

Кабарлоолорду, 1-форманын жана 3-форманын бланктарын жана шайлоочулардын акыркы тизмесин принтерден чыгаруу үчүн атайын кагазды даярдоо жана жеткирүү

(2013-жылдын 1-майына чейин)

БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү

15.

Шайлоочуга ал шайлоочулардын тизмесинде бар болушу жөнүндө кабарлоону жөнөтүү

 

Добуш берүү күнүнө чейин 20 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2013-жылдын 6-майына чейин) 

Участкалык шайлоо комиссиялары

 

(Мыйзам, 13-берене, 2-бөлүк)

16.

Шайлоочулардын тизмесине (1-форма) киргизүү жана жекече маалыматтарга (3-форма) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштетүү

Добуш берүү күнүнө чейин 8 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2013-жылдын 18-майына чейин) 

Участкалык шайлоо комиссиялары, аймактык шайлоо комиссиялары, атайын өкүлдөр, системдик администраторлор

17.

Шайлоочулардын акыркы тизмесин түзүү

Добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2013-жылдын 23-майына чейин) 

Аймактык шайлоо комиссиялары, атайын өкүлдөр, системдик администраторлор

 

(Мыйзам, 13-берене, 5-бөлүк)

18.

Номер коюлган, көктөлгөн жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын тизмесин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү

(шайлоочулардын тизмелерин сөзсүз түрдө атайын кагазга принтерден чыгаруу)

Добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2013-жылдын 23-майына чейин)

 

Аймактык  шайлоо комиссиялары, атайын өкүлдөр, системдик администраторлор, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары

 

(Мыйзам, 13-берене, 5-бөлүк)

 

Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо

 

19.

Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү

 

 

Шайлоо дайындалган күндөн тартып жана шайлоо күнүнө чейин 20 календарлык күн калганда аяктайт

 

(2013-жылдын 5-майында саат 24.00гө чейин) 

Саясий партиялар, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган шайлоочулардын топтору жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандар

(Мыйзам, 49-берене, 1, 2-бөлүктөр)

20.

Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же каттоодон жүйөөлүү баш тартуу

Зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 2 календарлык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 21-берене, 3-бөлүк) 

21.

Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн зарыл шайлоо документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү

Добуш берүү күнүнө чейин 20 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2013-жылдын 5-майында саат 24.00гө чейин)

 

Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

(Мыйзам, 60-берене, 1-бөлүк) 

22.

Талапкерлерди көрсөтүү тартибинин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамдын талаптарына шайкештигин текшерүү

Документ кабыл алынган күндөн тартып 7 календарлык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 60-берене, 3-бөлүк) 

23.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо

Добуш берүү күнүнө чейин 13 календарлык күн калганда аяктайт

(2013-жылдын 12-майында саат 24.00гө чейин)

 

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 60-берене, 7-бөлүк) 

24.

Айылдык кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлерге  тиешелүү күбөлүктөрдү берүү

Талапкерлер катталгандан кийин 2 календарлык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 60-берене, 9-бөлүк) 

25.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө басма сөзгө жарыялоо

Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 4 календарлык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 60-берене, 8-бөлүк) 

26.

Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин кайра чакыртуу жана айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу

 

Добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен

(2013-жылдын 23-майында

саат 24.00гө чейин)

 

Талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу

 

27.

Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын тобунун ишенимдүү адамдарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же каттоодон жүйөлүү баш тартуу

Ишенимдүү адамдарды каттоо талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын, саясий партиянын же шайлоочулардын тобунун сунушунун жана ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө жарандын өзүнүн арызынын негизинде тез арада жүргүзүлөт

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 18-берене, 2-бөлүк) 

Шайлоо алдындагы үгүт

28.

Маалыматтык камсыз кылуу, шайлоочуларга маалымдоо

 

 

Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык юридикалык жана жеке жактар

(Мыйзам, 22-берене, 1, 2-бөлүктөр) 

ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы

29.

Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү

Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат

(2013-жылдын 12-майынан 2013-жылдын 24-майына чейин)

Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору

(Мыйзам, 23-берене, 1-бөлүк)

30.

Чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, ачык дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштуруу, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу

Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин

 

Аймактык шайлоо комиссиялары мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте

(Мыйзам, 26-берене, 1-бөлүк)

31.

Ар бир шайлоо участкасынын аймагында басылма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын жерлерди бөлүү жана жасалгалоо

Шайлоо дайындалган күндөн тартып 7 календарлык күндүн ичинде

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

(Мыйзам, 27-берене, 3-бөлүк)

Шайлоону финансылоо

32.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын карап чыгуу жана бекитүү

Шайлоо дайындалгандан кийин

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (финансы жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы)

33.

Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, шайлоочулардын тобу шайлоо фондун түзүшү

Шайлоо комиссиясы саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн каттагандан кийин 4 календарлык күндүн ичинде

Саясий партия,  шайлоочулардын тобу

(Мыйзам, 15-берене, 1-бөлүк)

34.

Шайлоо фондун түзүү үчүн талапкер банкта атайын эсепти ачышы

Талапкерлер көрсөтүлгөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтер берилгенге чейин

Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

(Мыйзам, 15-берене, 1-бөлүк)

35.

Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүү жана чыгымдоо тартибине контролдук кылуу

Шайлоо фондун түзгөн күндөн тартып

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу, 7ден ашпаган адамдан турат

 

(Мыйзам, 16-берене, 1-бөлүк)

36.

Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контролдук кылуу

 

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу, 7ден ашпаган адамдан турат

 

(Мыйзам, 16-берене, 2-бөлүк)

37.

Шайлоо фондунун өлчөмдөрү жана аны түзүү булактары жөнүндө, ошондой эле каражаттарды чыгымдоо жөнүндө отчетторду тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү

 

Шайлоодон кийин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2013-жылдын 3-июнуна чейин)

 

Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын тобу

(Мыйзам, 15-берене, 19-бөлүк)

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу, 7ден ашпаган адамдан турат

 

(Мыйзам, 16-берене, 2-бөлүк)

Шайлоо бюллетендерин даярдоо тартиби жана участкалык шайлоо комиссияларына берүү

38.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын, коргоо даражасын жана жасоо тартибин бекитүү

Добуш берүү күнүнө чейин 13 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2013-жылдын 13-майына чейин) 

Борбордук шайлоо комиссиясы

 

(Мыйзам, 30-берене, 1-бөлүк)

 

39.

Шайлоо бюллетенинин текстин бекитүү

Добуш берүү күнүнө чейин 13 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2013-жылдын 13-майына чейин) 

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 30-берене, 3-бөлүк)

40.

Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө ЖМК аркылуу же башкача ыкма менен кабарлоо

Добуш берүү күнүнө чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен

(бүткүл мезгилдин ичинде)

(2013-жылдын 19-майына чейин) 

Участкалык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 31-берене, 1-бөлүк)

41.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин жасоо

Добуш берүү күнүнө чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2013-жылдын 19-майына чейин) 

Борбордук шайлоо комиссиясы

БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү

 (Мыйзам, 30-берене, 8-бөлүк)

42.

Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү

Добуш берүү күнүнө чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен, ал эми кайталап добуш берүү учурунда добуш берүү күнүнө чейин 5 календарлык күн мурда.

(2013-жылдын 19-майына чейин) 

Борбордук шайлоо комиссиясы

 

(Мыйзам, 30-берене, 13-бөлүк)

 

БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү

 

43.

Участкалык шайлоо комиссияларын шайлоо бюллетендери менен камсыз кылуу

Добуш берүү күнүнө чейин 2-1 календарлык күн калганда

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 30-берене, 13-бөлүк)

Добуш берүү жана натыйжаларды аныктоо

 

44.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү өткөрүү

Добуш берүү күнүнө чейин 6-1 календарлык күн калганда

(2013-жылдын 20-майынан 25-майына чейин)

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 32-берене, 1-бөлүк)

45.

Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү өткөрүү

Добуш берүү күнүнө чейин бир календарлык күн калганда гана (2013-жылдын 25-майы) жана добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө шайлоочунун (анын ичинде башка адамдардын көмөгү менен берип жиберилген) шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын же оозеки кайрылуусунун негизинде гана. Шайлоочунун арызы (кайрылуусу) участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен жасалат (2013-жылдын 24-майына чейин)

 

Участкалык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 33-берене, 2-бөлүк)

46.

Добуш берүүнү өткөрүү

2013-жылдын 26-майында саат  8.00дөн 19.00гө чейин

Участкалык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 31-берене)

 

47.

Шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түзүү

Добуш берүү аяктагандан кийин дароо башталат

(жыйынтыктар белгиленгенге чейин тынымсыз жүргүзүлөт)

Участкалык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 36-берене)

48.

Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун факс боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына берүү

 

Протоколго кол коюлгандан кийин тез арада

Участкалык шайлоо комиссиялары

 

49.

Тиешелүү шайлоо документациялары бар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө  участкалык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү

 

Протоколго кол коюлгандан кийин тез арада

Участкалык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 37-берене, 1-бөлүк)

50.

Округдун аймагында шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен бирдикте Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүү

Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун алгандан кийин тез арада жана добуш берүү күнүнөн тартып 13 календарлык күндөн кечиктирбестен

 

(2013-жылдын 9-июнуна чейин)

 

Аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 37-берененин 1, 4-бөлүктөрү, 38-берене)

51.

Шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо

Шайлоонун натыйжаларын аныктаган күндөн тартып 7 календарлык күндүн ичинде

 (Мыйзам, 40-берене, 4-бөлүк)

ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы)

52.

Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды өзүнөн алып салуу жөнүндө арыздын көчүрмөсүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү

 

Шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин, 2 күндүк мөөнөттө

Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланган талапкер

(Мыйзам, 51-берене, 1-бөлүк)

53.

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берүү

Шайлоонун натыйжаларын аныктагандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды өзүнөн алып салуу жөнүндө арызды алгандан кийин, 2 күндүк мөөнөттө

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы

 

(Мыйзам, 51-берене, 2-бөлүк)

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>