БШК 2 шаардын мэрлерин шайлоону дайындады

31 мая 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 31-майындагы жыйналышында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл жана Базар-Коргон шаарларында мэрлерди шайлоону дайындоо тууралуу токтом кылды.

Мэрди шайлоо дайындалган шаардын аталышы

Шаардык кеңештин жаңы шайланган депутаттарынын биринчи сессиясынын датасы

Мэрди шайлоону өткөрүү датасы

Мэрди шайлоону өткөрүү убактысы

1

Кара-Көл

2021-ж. 17-май

2021-ж.  18-июнь

Саат 9:00дөн 12:00гө чейин

2

Базар-Коргон

2021-ж.  26-май

2021-ж. 18-июнь

Саат 9:00дөн 12:00гө чейин

 

Чечим «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Шаар мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык кабыл алынды.

Аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү