Башкы Жаңылыктар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү …

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына, коммерциялык эмес уюмдарына, саясий партияларына КАЙРЫЛУУСУ

29-Май, 2021

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна дайындалгандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын УШКларынын резервдерин толуктоо зарылдыгы келип чыкты. Ушуга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары – АШК) УШКлардын курамына жана резервине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын жана саясий партиялардын өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө жарыялайт. Мыйзамга ылайык УШК саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн курамында түзүлөт. УШК шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган, жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыздаган коллегиялык орган болуп саналат. УШК курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт.

УШК курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, алардын ишке даярдык деңгээлин, шайлоо комиссияларына катышкан иш тажрыйбасын эске алуу зарыл. Талапкерлерди көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун аймагында жашоого тийиш.

Жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелүүгө тийиш.

         Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. Аймактык  шайлоо комиссиясына саясий партиянын региондогу бөлүмүнүн төрагасынын жана чогулуштун катчысынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тийиштүү документ тапшырылат.

Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:

- УШК курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;

- паспортунун көчүрмөсү;

- иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси);

-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                 22-беренесине ылайык төмөнкүлөр УШК мүчөсү боло албайт:

- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы;

- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;

- талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;

- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;

- мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;

- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү.;

- шайлоо комиссиясы мүчөсүнүн милдеттеринен терс негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.

Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан участоктук шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2021-жылдын 11-июнунун саат 18-00нө чейин Бишкек шаардык кеңешинде кабыл алынат.

 Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2021-жылдын 11-июнунун саат 18-00нө чейин Бишкек АШКда кабыл алынат.

Маалымат алуу телефондору:

Бишкек шаардык кеңеши - 0 312 61 04 32,

Бишкек АШК - 0 312 38 24 26

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>