Башкы Жаңылыктар БШК Талас облусунун бир катар айыл өкмөт башчыларын …

БШК Талас облусунун бир катар айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындады

25-Май, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 25-майындагы жыйналышында Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак, Кара-Буура, Бакайыр, Ак-Чий, Чолпонбай, Көк-Сай жана Аманбаев, Талас районунун Кара-Суу, Өмүралиев, Арал, Кууганды, Айдаралиев жана Осмонкулов, Бакай-Ата районунун Кең-Арал, Өзгөрүш, Ак-Дөбө, Миң-Булак, Боо-Терек жана Орой айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.

№

Айыл кеңешинин аталышы

(шайланган дата)

Мандаттардын саны

Жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо датасы

Жергиликтүү кеңештердин шайланган төрагалары

ЖӨБО башчыларын шайлоону өткөрүү датасы

Талас облусу

Кара-Буура району

1

Маймак айыл кеңеши

11

17.05.2021

Кудайбергенов Жусупбек

9-июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

2

Кара-Буура айыл кеңеши

21

18.05.2021

Джумагулов Мирлан Азымбаевич

10-июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

3

Бакайыр айыл кеңеши

21

18.05.2021

Жаныкул уулу Кенжебек

10-июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

4

Ак-Чий айыл кеңеши

11

19.05.2021

Абдыкадыр уулу Нуржан

11-июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

5

Чолпонбай айыл кеңеши

21

 

19.05.2021

Токонов Суйунтбек

Шаршенбаевич

11-июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

6

Көк-Сай айыл кеңеши

21

20.05.2021

Салыбеков Талгат

Качкынбаевич

12-июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

7

Аманбаев айыл кеңеши

21

 

20.05.2021

Нуралиев Улан Мырзакматович

12-июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

Талас району

1

Кара-Суй айыл кеңеши

11

18.05.2021

Самсиев Байызбек Дүйшөнович

11-июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

2

Өмүралиев айыл кеңеши

11

18.05.2021

Дөөлөталиев Майрамбек Жээнбекович

11-июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

3

Арал айыл кеңеши

11

19.05.2021

Талантбеков Калыс Талантбекович

12-июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

4

Кууганды айыл кеңеши

11

19.05.2021

Токушев Фарид Кубаналиевич

12-июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

5

Айдаралиев айыл кеңеши

11

20.05.2021

Токтогулова Акыйкат Эсеновна

13-июнь 2021

саат 9:00дөн 12:00гө чейин

6

Осмонкулов айыл кеңеши

11

20.05.2021

Джумаев Азамат Казакович

13-июнь 2021

саат 15:00дөн 18:00гө чейин

Бакай-Ата району

1

Кен-Арал айыл кеңеши

11

18.05.2021

Токонов Багдад Шекербекович

10-июнь 2021 саат 15:00дөн 18:00гө чейин

2

Өзгөрүш айыл кеңеши

21

18.05.2021

Бечелов Токтобай Ашимович

11-июнь 2021 года,саат 9:00дөн 12:00гө чейин

3

Ак-Дөбө айыл кеңеши

21

19.05.2021

Конгайтиев Алмазбек Суйундуковия

11-июнь 2021 саат 15:00дөн 18:00гө чейин

4

Миң-Булак айыл кеңеши

11

19.05.2021

Койчубаев Тахир Дуйшенбекович

12-июнь 2021 саат 9:00дөн 12:00гө чейин

5

Боо-Терек айыл кеңеши

21

19.05.2021

Молтоев Руслан Алтымышович

12-июнь 2021
саат 15:00дөн 18:00гө чейин

6

Орой айыл кеңеши

11

19.05.2021

Мотуев Руслан Калиевич

13-июнь 2021 саат 9:00дөн 12:00гө чейин

 

Чечимдер “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

Аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>