Башкы Жаңылыктар Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы Регламенти бекитилди

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы Регламенти бекитилди

13-Июл, 2011

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын бүгүнкү өткөн жыйынында комиссиянын мүчөлөрү “Шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыгылган КР БШКнын Регламентин бекитишти.

Жыйында ошондой эле “Атайын өкүл жөнүндөгү”, “Кыргыз Республикасынын БШКнын Коомдук кабылдамасы  Жобо жөнүндөгү”, “2011-жылдын 30 –октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого КРнын чектеринен тышкары жактарда жашаган же жүргөн КРнын жарандарынын катышуусун уюштуруу жөнүндөгү” Жоболор бекитилди.

 Ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча Жумушчу тобу, шайлоолорду Кыргыз Республикасынын чектеринен тыш жактарда өткөрүү жана эл аралык байкоочулар менен иш алып баруу боюнча Жумушчу тобу, Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кийирүү боюнча Жумушчу тобу түзүлдү.

 “Атайын өкүл” кызматы  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” КРнын конституциялык Мыйзамына ылайык кийирилет. Атайын өкүл БШКнын төрагасы тарабынан тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына дайындалуучу мамлекеттик кызматчы, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкери болуп саналат.

 Шайлоонун жаңы мыйзамдарына ылайык, республиканын чектеринен тыш жактардагы шайлоо участоктору Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрү бар шаарларда түзүлөөрүн белгилей кетели.

 БШКнын Коомдук кабылдамасы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү убактысына түзүлөт. Коомдук кабылдаманын максаты – Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо, жарандардын КР БШКнын ишмердүүлүгүнө байланышкан кайрылуулары, каалоо –сунуштары жана дооматтары менен натыйжалуу жана оперативдүү иш алып барууну уюштуруу. Коомдук кабылдаманын алдына Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо, жарандардын КР БШКнын ишмердүүлүгүнө байланышкан кайрылуулары, каалоо –сунуштары жана дооматтары менен натыйжалуу жана оперативдүү иш алып баруу, шайлоо мыйзамдары боюнча шайлоочуларга, талапкерлерге, алардын ишенимдүү кишилерине жана саясый партиялардын өкүлдөрүнө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, шайлоо процессинин катышуучуларына юридикалык, консультативдик -методикалык жардам көрсөтүү милдети коюлган.

 Коомдук кабылдама КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында жайгашкан (Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59)

 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>