Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө

21 мая 2021

Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби

(КР Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-февралындагы № 54, 2018-жылдын 17-февралындагы № 32, 2018-жылдын 27-августундагы № 170, 2020-жылдын 30-январындагы № 25, 2021-жылдын 23-июнундагы № 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

I.   Негизги жоболор

II. Айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттоо тартиби

III. Шайлоону уюштуруу

IV. Шайлоону өткөрүү жана добуш берүү тартиби

V. Айыл өкмөт башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө жана шайлоонун натыйжасын аныктоо жана аларды жарыялоо тартиби

VI. Айыл өкмөт башчысын кайра  шайлоо

VII. Айыл өкмөт башчысынын шайланбай калуусунун  натыйжалары

VIII. Айыл өкмөтүнүн шайланган башчысынын кызмат ордуна киришүүсү

IX. Жаңы ачылган жагдайларга жана айыл өкмөт башчысын шайлоодо белгиленген тартипти бузуу фактылары табылганына байланыштуу маселелерди  жөнгө салуу

X. Бул Жободо каралган эсептерди жүргүзүү тартиби

            

I. Негизги жоболор                              

 

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан жана айыл өкмөт башчысын шайлоону өткөрүү тартибин аныктайт.

Айыл өкмөт башчысын шайлоо Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Жобо менен жөнгө салынат.

2. Айыл өкмөт башчысы  тиешелүү айылдык кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө жашырын добуш берүү жолу менен шайланат.

3. Айыл өкмөт башчысы  кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаттары (депутаты) жана райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими (мындан ары – район акими) укуктуу.

4. Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде иш стажы бар же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилик кызмат орундарында 2 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөт башчысы  боло алат.

Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары айыл өкмөт башчысы  боло албайт:

- кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон жана талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган;

- соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон.

 4-1. Айыл өкмөт башчысынын  кызмат ордуна талапкер карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, бул деңгээл Өкмөт бекиткен “Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык “ортодон жогорку” деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүү деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат менен ырасталат.

Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет.

5. Айыл өкмөт башчысын шайлоо жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып 10 календарлык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан  дайындалат.

Айыл өкмөт башчысы  ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындайт.

Прокуратура органдары тарабынан белгиленген, мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын же өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн район акими тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, айыл өкмөт башчысы  кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугу жөнүндө арыз менен сотко кайрылса, жаңы шайлоону дайындоо сот арызды биротоло карап бүткөнгө чейин токтотулуп турат.

Айыл өкмөт башчысы айылдык кеңештин чакырылыш мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календардык күн калганда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи жыйналышы өткөнгө чейин айыл өкмөт башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалбайт.

6. Айыл өкмөт башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календарлык күндүн ичинде өткөрүлөт.

7. Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөрү айыл өкмөт башчысын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү координациялоону жүргүзүшөт.

8. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы айыл өкмөт башчысын шайлоону координациялоо жана байкоо жүргүзүү үчүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн жиберүүгө укуктуу.

II. Айыл өкмөт башчысынын  кызмат ордуна талапкерди каттоо тартиби

9. Айыл өкмөт башчысына талапкерди каттоо үчүн айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттары (депутаты), ошондой эле айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди сунуштаган район акими шайлоо күнүнө чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди беришет:

1) айыл өкмөт башчысынын  кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө жазуу жүзүндө чечим же сунуштама;

2) талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы;

3) талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган күнү, ээлеген кызматы (ишинин түрү) жана жашаган жери көрсөтүлгөн өмүр баянынын маалыматтары;

4) айыл өкмөт башчысынын  кызмат ордуна талапкердин бул жобонун I главасынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү билими жана иш стажысы бар экендигин ырастаган эмгек китепчесинин жана жогорку билими тууралуу дипломунун нотариус тарабынан күбөлөндүргөн көчүрмөлөрү;

5) айыл өкмөт башчысынын  кызмат ордуна талапкердин соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат же соттуулугунун жоюлгандыгы жөнүндө (оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугунан тышкары) соттун мыйзам тартибинде белгиленген чечими;

6) мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификат;

7) белгиленген формадагы жеке маалыматтарды жыйноого жана иштеп чыгууга толтурулган макулдук.

9-1. Талапкер шайлоо комиссиясына берилген маалыматтардын аныктыгын ырастайт жана көрсөтүү, каттоо, же болбосо шайлоо максатында анык маалыматтарды берүүсү үчүн жоопкерчиликтүү болот.

10. Тийиштүү шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынгандан тартып үч календарлык күндүн ичинде талапкердин жана айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартибинин  ушул Жобонун жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат. 

  Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы катталган же катталбаган талапкерлер жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына дароо кабарлайт.

11. Эгерде аймактык шайлоо комиссиясы айыл өкмөт башчысынын  кызмат ордуна талапкерди каттоо үчүн тоскоол болуп саналган талапкердин документтериндеги ылайык келбөөчүлүктү аныктаса, документтер кабыл алынгандан тартып 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттарына (депутатына), ошондой эле айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди сунуштаган район акимине ылайык келбөөчүлүк тууралуу маалымдоого милдеттүү.

Айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттары (депутаты), ошондой эле айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди сунуштаган район акими, маалыматты алган учурдан тартып, 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

12. Айыл өкмөт башчысынын  кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди айыл өкмөт башчысынын  кызмат ордуна көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттарына (депутатына), ошондой эле айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди сунуштаган район акимине аймактык шайлоо комиссиясынын баш тартуу негиздери баяндалган чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. 

13. Айыл өкмөт башчысынын  кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:

1) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган көрсөтүү тартибин сактабагандык;

2)  талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

3) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандык экендиги;

4) талапкерди айыл өкмөт башчысынын  кызмат ордуна көрсөткөн субъектилер тарабынан (айылдык кеңештин депутаты, депутаттары, район акими) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 1-бөлүгүндө жана ушул Жобонун II главасынын 9-пунктунда  көрсөтүлгөн каттоо үчүн бардык зарыл документтердин берилбегендиги;

5)  айыл өкмөт башчысынын  кызмат ордуна талапкердин аймактык шайлоо комиссиясына мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты бербегендиги.

14. Талапкерди айыл өкмөт башчысынын  кызмат ордуна каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

15. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин 2 календарлык күндүн ичинде айыл өкмөт башчысын  шайлоону уюштурат.

16. Айыл өкмөт башчысынын  кызмат ордуна талапкер каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Бул учурда айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

17. Айыл өкмөт башчысынын  кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттары (депутаты), айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди сунуштаган район акими бардык учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен талапкерди кайра чакыртып алууга укуктуу. Мындай учурда айыл өкмөт башчысынын  кызмат ордуна  тийиштүү талапкерди каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

18. Эгерде белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт, кайра шайлоо бул Жобонун VI главасына ылайык дайындалып, өткөрүлөт.

Эгерде кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, талапкерлерди айылдык кеңештин депутаттары (депутаты) жана район акими көрсөтүп, кайра шайлоо өткөрүлөт.

III. Шайлоону уюштуруу

19. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо  бюллетендеринин текстин, формасын жана тиешелүү кеңештеги депутаттардын тизмесин бекитет, аларды даярдоону жана сактоону камсыз кылат, өз жыйналыштарынын протоколун алып барууну уюштурат, ушул Жобого ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

20. Шайлоо бюллетендери жана тиешелүү кеңештин депутаттарынын тизмеси компьютердик жол менен мамлекеттик же расмий тилдерде  даярдалат, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылып, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын колу менен күбөлөндүрүлөт.

21. Бюллетенге айыл өкмөт башчысынын  кызмат ордуна катталган талапкердин аты-жөнү алфавиттик тартипте жазылат. Бюллетендин акыркы сабына “баардык талапкерлерге каршы” позициясы киргизилет.

22. Айыл өкмөтүнүн аппараты атайын жай берүү, добуш берүү үчүн кабиналарды, добуш берүү үчүн үкөктөрдү коюу жана шайлоону өткөрүүгө байланышкан башка маселелерди чечүү жолу менен аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону уюштурууда жардам берүүгө милдеттүү.

 23. Тиешелүү айылдык кеңештин төрагасы депутаттардын катышуусун камсыз кылуудагы жоопкерчиликти тартат. Тийиштүү шаардык  кеңештин төрагасы добуш берүү башталуучу убакка чейин 24 саат калгандан кечиктирбестен, тийиштүү айылдык кеңештин депутаттарына айыл өкмөт башчысын шайлоонун орду, датасы жана убактысы жөнүндө маалымдоого милдеттүү.

24. Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүү жол-жобосун камсыз кылуу боюнча жоопкерчиликти тартат.

IV. Шайлоону өткөрүү жана добуш берүү тартиби

25. Айыл өкмөт башчысын шайлоо айылдык кеңештин жыйналыштары  өтүүчү жайда өткөрүлөт. Айыл өкмөт башчысын шайлоо саат 9:00дөн 12.00гө чейин же саат 15:00дөн 18.00гө чейин өткөрүлөт.

 26. Добуш берүү алдында добуш берүү үкөгү текшерилип, пломба коюлат жана комиссия төрагасынын жана катчысынын колу коюлат, аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылып, бекитилет.

27. Ар бир депутат жеке өзү добуш берет, башка адам  үчүн добуш берүүгө жол берилбейт. Ар бир депутат айыл өкмөт башчылыгына бир гана талапкерге же “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш бере алат.  Бир талапкерден ашык талапкерге белги коюлган бюллетень жараксыз деп табылат.

28. Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн депутат айылдык кеңештин депутаттар тизмесине кол коет.

 

V. Айыл өкмөт башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө жана шайлоонун натыйжасын аныктоо жана аларды жарыялоо тартиби

 

29. Добуш берүү убактысы аяктагандан кийин аймактык шайлоо комиссиянынын төрагасы добуш берүү жол-жобосу токтотулгандыгы жана айыл өкмөт башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө кулактандырат.

30. Добуштарды эсептөө ачык-айкын, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана жүргүзүлөт жана добуш берүү үчүн бөлмөдө тыныгуусуз өткөрүлөт.

 31. Пайдаланылбаган бюллетендер аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан эсептелип, добуш берүү үкөгүн ачканга чейин жок кылынат.  Жок кылынган бюллетендердин саны тууралуу маалымат добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Протоколго жана анын добуш берүү үчүн жайга илинген чоңойтулган көчүрмөсүнө жазылат.

32. Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүү үкөгүн ачууну жүргүзөт. Добуш берүү үчүн үкөктөн алынып чыккан бюллетендердин негизинде добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы санын, жараксыз бюллетендердин санын, ар бир талапкерге “макул” деп берилген добуштардын санын жана айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна көрсөтүлгөн “баардык талапкерлерге каршы” позициясына берилген добуштардын санын аныктайт.

Добуш берүүчүнүн эрк-ниет билдирүүсүн аныктоого мүмкүн болбогон, бирден ашык талапкерге белги коюлган, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылбаган жана, же аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол койбогон бюллетень жараксыз болуп саналат.

33. Добуш берүү үкөгүнөн алынып чыккан бюллетендердин негизинде аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген бардык маалыматтар добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Протоколго жана анын добуш берүүчү жайга илинген чоңойтулган көчүрмөсүнө жазылат. Протокол аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана ага аймактык шайлоо комиссиясынын белгиленген санынын көпчүлүк бөлүгүнөн аз эмес  мүчөлөрүнүн колу коюлат.

34. Протоколго кол коюлгандан кийин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүүнүн жыйынтыгын айылдык кеңештин депутаттарынын  жана катышкан адамдардын алдында дароо жарыялайт.

35. Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Протоколдун негизинде шайлоонун натыйжасын аныктайт.

Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоого айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, айыл өкмөт башчысынын   кызмат ордуна шайлоо өттү деп тааныйт. Мындай болбогон учурда бул Жобонун VI главасына ылайык кайра шайлоо дайындалат жана өткөрүлөт.

 Эгерде шайлоо өттү деп таанылса, аймактык шайлоо комиссиясы тиешелүү шаардык  кеңештеги  депутаттардын көпчүлүк бөлүгүнүн (жарымынан көбүнүн) добушуна ээ болгон талапкерди айыл өкмөт башчысы  болуп шайланды деп эсептейт.

Эгерде:

- эки талапкер катталса жана алардын бири дагы зарыл болгон добушту албаса, көбүрөөк сандагы добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт;

- экиден ашык талапкер катталса жана биринчи турда талапкерлердин бири көбүрөөк сандагы добуш алып, кийинки эки талапкер бирдей сандагы добуш алып калса, көбүрөөк сандагы добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт;

- экиден ашык талапкер катталса жана биринчи турда эки талапкер баарынан көбүрөөк сандагы бирдей добуш алып калса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, көбүрөөк сандагы бирдей добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт;

- экиден ашык талапкер катталса жана  алардын бири да депутаттардын зарыл сандагы добушун албаса, көбүрөөк сандагы добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.

Добуш берүүнүн экинчи туру бул Жобонун  III, IV, V главаларында белгиленген тартипте өткөрүлөт.

Эгерде:

- айыл өкмөт башчысынын  кызмат ордуна бир талапкер катталып, ал депутаттардын зарыл сандагы добушун албай калса, айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо өткөрүлөт;

- эки талапкер катталса жана биринчи турда эки талапкер тең депутаттардын бирдей сандагы добушун алып калса, айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо өткөрүлөт;

- экиден ашык талапкер катталса жана биринчи турда бардык талапкерлер бирдей сандагы добуш алса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

- депутаттар талапкерлерге караганда “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн көбүрөөк сандагы добуш берсе, кайра шайлоо өткөрүлөт;

Добуш берүүнүн натыйжасын аныктоодо бул Жободо каралбаган башка жагдай келип чыккан учурларда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Кайра шайлоо бул Жобонун VI главасында белгиленген тартипте дайындалат жана өткөрүлөт.

36. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжасын аныктагандан кийин шайлоонун натыйжасы жөнүндө Протокол түзүп, ага аймактык шайлоо комиссиясынын белгиленген санынын көпчүлүк бөлүгүнөн аз эмес санда катышкан бардык мүчөлөрүнүн колу коюлат.

Протоколго кол коюлгандан кийин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы айыл өкмөт башчысын шайлоо натыйжасын айылдык кеңештин депутаттарынын жана катышкан адамдардын алдында дароо жарыялайт.

37. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Протоколдордун биринчи нускалары мөөр басылган бардык шайлоо документтери менен бирге (депутаттардын тизмеси, шайлоо бюллетендери ж.б.)  Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүү жана расмий жарыялоо үчүн жөнөтүлөт. Экинчи нускалары аймактык шайлоо комиссиясында сакталат. Күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, тиешелүү айылдык кеңешке жана район акимине жөнөтүлөт, ошондой эле добуш берүүчү жайда катышкан бардык адамдарга алардын талабы боюнча берилет.

38. Аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына шайлоонун натыйжасы тууралуу жалпы маалыматты жарыялайт.

39. Айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына тиешелүү аймактык комиссиясы тарабынан күбөлүк берилет. Күбөлүктүн формасы жана тексти  Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

40. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжасын аныктоо боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине, аракетине же аракетсиздигине даттануу, ошондой эле айыл өкмөт башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгынын жана шайлоонун натыйжасынын өзүнө даттануу, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт.

VI. Айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо

41. Бул Жобонун 18, 35-пункттарында каралган негиздер келип чыккан учурларда, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен  айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо бул Жобонун II-VI главаларында белгиленген тартипте өткөрүлөт.

42. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөт башчысы шайланбай калган күндөн тартып, үч календарлык күндүн ичинде жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоону дайындайт.

43. Жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан  кайра шайлоо дайындалгандан тартып 15 календарлык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.

44. Кворум болбой калгандыктан, башкача айтканда, добуш берүүгө айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнөн азы катышып калса, Борбордук шайлоо комиссиясы үч календарлык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.

Бул учурда аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып, он беш календарлык күндөн  кечиктирилбестен, мурда катталган талапкерлер боюнча бул Жобонун III-V главаларына ылайык кайра шайлоо өткөрүлөт.

44-1. Айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда, иш-аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер шайлануучу кызмат орундарына талапкерликке кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.

44-2. Эгерде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын, шайлоо комиссияларынын чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана (же) шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп таануу үчүн негиз катары кызмат кылган учурда, кайра шайлоо иш-аракеттери добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлерди кошпогондо, шайлоого катышкан талапкерлердин арасында өткөрүлөт. Эгерде мурда катталган баардык талапкерлер айыл өкмөт башчысын шайлоого катышуудан баш тартышса, кайра шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен өткөрүлөт.

VII. Айыл өкмөт башчысынын шайланбай калуусунун натыйжалары

45. Тиешелүү кеңештин депутаттары белгиленген мөөнөттөрдө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлай албаган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.

Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, эгерде:

- кворумдун жоктугунан улам эки жолу болбой калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

- эки жолу өткөрүлсө, бирок талапкерлер добуштардын зарыл санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Эгерде шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо талапкерлер добуштардын зарыл санын албаганынан улам болбой калган учурларда Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоого укуктуу.

Эгерде шайлоо талапкерлердин добуштардын зарыл санын албаганынан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоого укуктуу.

Эгерде кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы жогоруда көрсөтүлгөн себептер боюнча шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңешти таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтөт.

VIII. Айыл өкмөтүнүн шайланган башчысынын кызмат ордуна киришүүсү

46. Айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо натыйжасы бекитилип, расмий жарыялангандан кийин  кызмат ордуна киришет.  Айыл өкмөт башчысынын  кызматына киришүү датасын аймактык шайлоо комиссиясы атайын реестрге киргизүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына расмий кат жүзүндө берет.

IX. Жаңы ачылган жагдайларга жана айыл өкмөт башчысын шайлоодо белгиленген тартипти бузуу фактылары табылганына байланыштуу маселелерди  жөнгө салуу

47. Эгерде айыл өкмөт башчысын  шайлоонун натыйжасы аныкталгандан кийин жана шаардын шайланган мэри кызмат кызмат ордуна киришкенге чейин  анын пассивдүү  шайлоо укугу жоктугу же болбосо анын айыл өкмөт башчысынын  кызмат ордуна белгиленген тартипти бузуу менен шайланган фактылары аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан ырасталса, Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алынган чечимдерди жана токтомдорду жокко чыгарып, добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп тааныйт, шайлоону өткөн жок деп тааныйт жана зарыл болсо айыл өкмөт башчысынын  кызмат ордуна талапкерди каттоону жокко чыгарат.

48. Эгерде айыл өкмөт башчысы  кызмат кызмат ордуна киришкенден кийин анын пассивдүү  шайлоо укугу жоктугу же анын айыл өкмөт башчысынын  кызмат ордуна белгиленген тартипти бузуу менен шайланган фактылары ырасталса,  Борбордук шайлоо комиссиясы чечим кабыл алат жана көрсөтүлгөн фактылар, жагдайлар жана негиздер белгиленген күндөн тартып, бир айдан кечиктирбестен район акимине аны ээлеген кызмат ордуна мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сунуштама менен кайрылат.

 

X. Бул Жободо каралган эсептерди жүргүзүү тартиби

 

49. Айыл өкмөт башчысын щайлоо жана шайлоону өттү же өткөн жок деп таануу үчүн бул Жободо тиешелүү айылдык кеңештин депутаттарынын белгиленген санына (жалпы санына) карата депутаттардын керектүү саны аныкталган. 

50. Депутаттардын белгиленген саны (жалпы саны) – 11 болгон айылдык кеңештер үчүн:

- белгиленген сандын (жалпы саны) үчтөн экисин түзгөн депутаттардын саны – 8;

- жалпы санынын көпчүлүгүн (жарымынан көбү) түзгөн депутаттардын саны – 6;

51. Депутаттардын белгиленген саны (жалпы саны) – 21 болгон айылдык кеңештер үчүн:

- белгиленген сандын (жалпы саны) үчтөн экисин түзгөн депутаттардын саны – 14;

- жалпы санынын көпчүлүгүн (жарымынан көбү) түзгөн депутаттардын саны – 11;

52. Депутаттардын белгиленген саны (жалпы саны) – 31 болгон айылдык кеңештер үчүн:

- белгиленген сандын (жалпы саны) үчтөн экисин түзгөн депутаттардын саны – 21;

- жалпы санынын көпчүлүгүн (жарымынан көбү) түзгөн депутаттардын саны – 16.