КР БШКнын жамааты ардагерлерди, ооруктагы эмгекчилерди жана баардык кыргызстандыктарды Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктайт

09 мая 2021

Урматтуу Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери! Кадырлуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты 1941-1945-жылдардагы УлууАта мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен чын жүрѳктѳн куттуктайт.

Фронттогу ардагерлердин, ооруктагы эмгекчилердин, ошондой эле бүлүнүп, кыйроого учураган ѳлкѳбүздү калыбына келтиргендердин баарынын күжүрмѳн эрдиги менен биз 76 жылдан бери бейпил асмандын алдында, шаарларды куруп, дыйканчылык кылып, балдарды чоңойтуп келатабыз. Муундар алмашат, бирок силердин эрдигиңиздер, майтарылбас баатырдыгыңыздар үчүн улам кийинки муун ыраазычылыгын айтып, силерге таазим эте берет.

Мекенди коргоодо,  жалпы Жеңишке жетишүүдѳ боордош элдер менен эриш-аркак болгон Кыргызстандын эли  зор салым кошту. Биздин жүз миңдеген жердештер майданда баатырдык менен кармашып, оорукта адам чыдагыс кыйынчылыктарды баштан кечирип, ѳздѳрүнүн жарандык милдетин ар-намыс менен аткарышты жана Атауртка берилүүнүн нукура үлгүсүн кѳрсѳтүштү. Алардын баарын эсте тутуу, улуу Жеңиште жетишилген тынчтыкты сактоо – биздин ыйык парзыбыз.

 

Кадырлуу мекендештер, урматтуу ардагерлер жана ооруктун эмгекчилери!

КР БШК Сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш, урмат-сый каалайт. Ар бир жаңы күн жалпыбызга бейпилдиктин, жакшылыктын күнү болсун, Кыргызстан элинин биримдиги чыңдала берсин!