Башкы Жаңылыктар КР БШК «Республика» саясий партиясынан талапкер Р.Кадыркуловдун Токмок …

КР БШК «Республика» саясий партиясынан талапкер Р.Кадыркуловдун Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №59 чечимине арызын карады

03-Май, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-майындагы жыйналышында «Республика» саясий партиясынан талапкер Р.Кадыркуловдун Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №59 чечимине арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

2021-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Республика» саясий партиясынан талапкер Р.Кадыркуловдон Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №59 чечимине арыз түшкөн, ага ылайык Токмок аймактык шайлоо комиссиясы Р.Кадыркуловдун №7067 УШКдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таануу жөнүндө даттануусун канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алган.

Мурда «Республика» саясий партиясынан талапкер Р.Кадыркулов «Бирге» саясий партиясына байланыштуу Токмок АШКга даттануу берген, даттанууга ылайык аталган партия добуш берүү күнү – 11-апрелде №7067 участоктук шайлоо комиссиясынын аймагында үгүт жүргүзгөң.

«Республика» саясий партиясынан талапкер Р.Кадыркулов Токмок АШКнын чечимине макул болбой, Борбордук шайлоо комиссиясына даттануу берип, Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №59 чечимин жокко чыгарууну, ошондой эле №7067 УШКдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таанууну өтүнгөн.

Кыргыз Республикасында шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ материалдарды карап чыгып жана кызыкдар тараптардын жүйөлөрүн угуп, далилдердин жетишсиздигине, ошондой эле Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №59 чечими укук ченемдүү жана негиздүү кабыл алынгандыгына байланыштуу Токмок АШКнын чечимин жокко чыгаруу үчүн негиз жок экендигин белгиледи.

Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы «Республика» саясий партиясынан талапкер Р.Кадыркуловдун Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №59 чечимине арызын арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүм

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>