БШК «Эл биримдиги» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ч. Алмасбековдун Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №60 чечимине арызын канааттандыруудан баш тартты

03 мая 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-майындагы жыйналышында «Эл биримдиги» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ч. Алмасбековдун Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №60 чечимине арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

2021-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Эл биримдиги» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ч. Алмасбековдон Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №60 чечимине даттануу түшкөн, ага ылайык Токмок аймактык шайлоо комиссиясы №7069 УШКдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таануу жөнүндө Ч. Алмасбековдун даттануусун канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алган.

Мурда «Эл биримдиги» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ч. Алмасбеков «Бирге» саясий партиясына байланыштуу Токмок АШКга даттануу берген, даттанууга ылайык аталган партия добуш берүү күнү – 11-апрелде №7069 участоктук шайлоо комиссиясынын аймагында үгүт жүргүзгөн.

«Эл биримдиги» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ч. Алмасбеков Токмок АШКнын чечимине макул болбой, Борбордук шайлоо комиссиясына даттануу берип, Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №60 чечимин жокко чыгарууну, ошондой эле №7069 УШКдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таанууну өтүнгөн.

Кыргыз Республикасында шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ материалдарды карап чыгып жана кызыкдар тараптардын жүйөлөрүн угуп, Борбордук шайлоо комиссиясына Токмок АШКнын чечимин күчүндө калтырууну жана даттанууну канааттандыруудан баш тартууну сунуштады.

 

Жогоруда баяндалгандын негизинде КР БШК «Эл биримдиги» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ч. Алмасбековдун Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №60 чечимине арызын арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү