Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

30 апреля 2021

2021-жылдын 11-апрелинде Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Кадамжай шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 8112 болсо, анын 2714 шайлоочусу шайлоого катышкан, бул33,17%ды түзөт.

Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчү Кадамжай шаарынын аймагында 5 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.

2021-жылы 11-мартта Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 11 саясий партиянын тизмесинде 378 талапкер катталган (алардын ичинен: 241 эркек, 137 аял).

2021-жылы 14-апрелде Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:

Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 11 партиянын ичинен 5 партия өттү:
1. «Бүтүн Кыргызстан» - 19,8%
2. «Ынтымак» - 16,1%
3. «Өнугуу Прогресс» - 14,6%
4. «Улуу Журт» - 9,9%
5. «Калыс» - 7,4%

Кадамжай шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1. «Бүтүн Кыргызстан» - 6 мандат;
2. «Ынтымак» - 5 мандат;
3. «Өнугуу Прогресс» - 5 мандат;
4. «Улуу Журт» - 3 мандат;
5. «Калыс» - 2 мандат.

"Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШКсы тийешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.

КР БШК Маалымат бөлүмү