Башкы Жаңылыктар Бишкек АШК Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын …

Бишкек АШК Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо мөөнөттөрүнө байланыштуу билдирет

01-Май, 2021

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 2-майына чейин) шайлоонун натыйжаларын аныктайт.

19-апрелде Бишкек АШК өз чечими менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо КЭДП (НДПК) саясий партиясы үчүн берилген шайлоочулардын добуштары бар шайлоо бюллетендерин жараксыз бюллетендерге киргизип, КЭДП (НДПК) саясий партиясы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тааныды.

Бишкек АШКнын ал чечими Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылды.

2021-жылы 24-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы өз чечими менен Бишкек АШКнын аталган чечимин укук ченемдүү жана негиздүү деп тапты.

2021-жылы 24-апрелде Бишкек шаарынын Административдик соту Бишкек АШКнын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу тууралуу КЭДП (НДПК) саясий партиясынын административдик доосу боюнча талаптарын канааттандыруудан баш тартты.

Учурда КЭДП (НДПК) саясий партиясы биринчи инстанциядагы соттун чечимин кассация тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна даттанды.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык соттун чечими чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет жана мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, кызмат адамдары, шайлоо комиссиялары жана шайлоо процессинин башка катышуучулары тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болот.

Ошол эле учурда Мыйзам менен белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө көзөмөл даттануусун берүү Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин же биринчи инстанциядагы соттун чечимдерин аткарууну токтото турат.

Бишкек АШК 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана шайлоо натыйжаларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер бүгүнкүгө чейин жүргүзүлүп жаткандыгын белгилейт.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Бишкек АШКнын, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечимдерин аткарууну токтото турулганын эске алып, шайлоо комиссияларынын негизги иш принциптерин жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын укуктарын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту КЭДП (НДПК) саясий партиясынын кассациялык даттануусун кароонун жыйынтыгы боюнча чечим чыгарганга чейин добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоо натыйжаларын аныктоо токтотулуп турарын Бишкек АШК билдирет.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>