Бишкек АШК айрым шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапты

01 мая 2021

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо №№1027, 1116, 1153, 1217, 1251, УШКларда добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду, автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыктоочу отчётторун, иденттештирүүнүн жыйынтыктоочу чектерин текшерүү процессинде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы добуш берген шайлоочулардын саны иденттештирүүдөн өткөн шайлоочулардын санынан ашык экендигин белгиледи.

Ошонун негизинде, Бишкек АШК №№1027, 1116, 1153, 1217, 1251 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык деп ишенимдүү белгилөөгө мүмкүн эмес деген тыянакка келди.

Бишкек АШК 2021-жылдын 30-апрелиндеги жыйналышында №№1027, 1116, 1153, 1217, 1251 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапты.