КР БШК мүчөлөрү жана аппаратынын кызматкерлери Баткен облусунун тургундарына жардам катары бир күндүк маянасын которуп берет

30 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын мүчөлөрү жана аппаратынын кызматкерлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылуушунун натыйжасында жапа чеккен Баткен облусунун тургундарына жардам катары бир күндүк маянасын которуп берет.

Каражаттар Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ачкан мекендештерге колдоо үчүн ыктыярдуу взностор боюнча атайын эсепке которулат.

КР БШК Маалымат бөлүмү