Талас  облусунун Талас районунун 12 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

29 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 29-апрелиндеги жыйынында 11-апрелде өткөн Талас облусунун  Талас районундагы  Көк-Ой, Бердике-Баатыр, Нуржанов, Долоно, Калба, Жергетал, Кара-Суу, Өмүралиев, Кууганды, Арал, Айдаралиев жана Осмонкулов айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти.

Талас  аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат.

Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 37-38-40-51-59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК Маалымат бөлүмү