Башкы Жаңылыктар 2021–ж. 29-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн …

2021–ж. 29-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

29-Апр, 2021

Өткөрүү датасы: 29 апрель 2021-ж.

Убактысы: 21:00

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1.       2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Омурзаков Тилек Рахманалиевич, Кадамжай АШКнын төрагасы) 

2.       2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга, Актурпак, Кыргыз-Кыштак, Масалиев, Совет, Үч-Коргон, Халмион жана Чаувай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Омурзаков Тилек Рахманалиевич, Кадамжай АШКнын төрагасы) 

3. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн  Ош облусунун Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу  Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

(баяндамачы - Халмурзаев Абдимомун Саматович АШКнын атайын өкүлү) 

4. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел, Кеңеш, Кыргыз-Ата, Т.Зулпуев, Мирмахмудов, Кара-Таш, Гулистан, Жаңы-Ноокат, Бел, Көк-Жар, Найман,   Он-Эки-Бел, Төөлөс, Кулатов жана Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы - Халмурзаев Абдимомун Саматович АШКнын атайын өкүлү) 

5. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ленинполь, Акназаров, Шадыкан, Кең-Арал, Өзгөрүш,       Ак-Дөбө  жана Оро айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы -  Чүкөтаев Бообек Сапаралиевич, Бакай-Ата АШКнын төрагасы) 

6. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой, Бердике-Баатыр, Нуржанов, Долоно, Калба, Жергетал, Кара-Суу, Өмүралиев,  Кууганды, Арал, Айдаралиев жана Осмонкулов айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы -  Алыбаев Рызкулбек Жолдошбекович, Бакай-Ата АШКнын төрагасы) 

7. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу, Сретенка, Беш-Терек, Биринчи май, Петровка, Предтеченка, Садовое, Төлөк, Целинный жана Чапаев айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Сайитпаев Талант Калыгулович, Москва  АШКнын төрагасы)

8. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Чүй районунун Сайлык, Искра, Кош-Коргон, Онбир-Жылга, Шамшы, Ибраимов, Кегети, Бурана, Ак-Бешим жана Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Эсенбекова Нурайым Сатыбековна, Чүй АШКнын төрагасы)

9. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Омурзаков Турусбек  Жаныбекович, Сузак АШКнын төрагасы)

10. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков, Багыш, Барпы, Кара-Алма, Кара-Дарыя, Курманбек, Кыз-Көл, Кызыл-Туу, Ленин, Сузак, Таш-Булак жана Ырыс айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо натыйжайлары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Омурзаков Турусбек  Жаныбекович, Сузак АШКнын төрагасы)

11. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Белеков Алмамбет Эсенкулович, Сокулукской АШКнын төрагасы)

12. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш, Ат-Башы, Военно-Антоновка, Гавриловка,            Жаңы-Жер, Джаңы-Пахта, Кызыл-Туу, Күнтуу, Камышановка, Крупская атындагы, Кайназарова атындагы, Орок, Первомай, Саз, Төш-Булак, Фрунзе, Новопавловка жана Төмөнкүү-Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо натыйжайлары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Белеков Алмамбет Эсенкулович, Сокулукской АШКнын төрагасы)

13. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун               Түп районунун Кудургу, Ак-Булуң, Ак-Булак, Сары-Булак, Түп, Талды-Суу, Чоң-Таш, Санташ, Карасаев, Арал, Тогуз-Булак, Ысык-Көл, Михайловка айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо натыйжайлары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы –Алмабекова Тинатин Ашимовна, Түп АШКнын төрагасы)

14. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ак-Дөбө, Аламүдүн, Арашан, Ала-Арча, Грозд, Кара-Жыгач, Көк-Жар, Лебединовка, Ленин, Маевка, Октябрь, Пригород, Таш-Дөбө жана Таш-Мойнок айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо натыйжайлары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы –Мамасадыкова Гульмира Абдыкапаровна, Аламүдүн АШКнын төрагасы)

15. Талапкерлер Нусубалиев Э., Бегалиев У., Турдубаев Б., Торогелдиев М., Темиралиев Р., Ж.Абасбековдун даттануулары жөнүндө

(баяндамачы – Абдысатаров Т.З., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

16. Д.Ш. Бейшембиеванын арызы жөнүндө

(баяндамачы – Абдысатаров Т.З., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

17. Ар кандай маселелер 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>