Жалал-Абад облусунун Базар -Коргон районунун 6 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

28 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-апрелиндеги жыйынында 11-апрелде өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы  Акман, Бешик-Жон, Кеңеш, Кызыл-Үңкур, Сайдыкум жана Талдуу-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти.

Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат.

Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 37-38-40-51-59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалымат бөлүмү