Башкы Жаңылыктар 2021–ж. 28-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн …

2021–ж. 28-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

28-Апр, 2021

Өткөрүү датасы: 28 апрель 2021-ж.

Убактысы: 18 :30

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Курманкулов Акылбек Бегматович, Ноокен АШКнын төрагасы) 

2. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал, Достук, Масы, Момбеков, Ноокен, Сакалды жана Шайдан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо натыйжайлары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Курманкулов Акылбек Бегматович, Ноокен АШКнын төрагасы) 

3. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя, Чаткал жана Сумсар айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Токтогулов Омурзак Мамасалиевич, Чаткал АШКнын төрагасы) 

4.  2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман, Бешик-Жон, Кеңеш, Кызыл-Үңкур, Сайдыкум жана Талдуу-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо натыйжайлары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Маматов Махмуд Баймырзаевич, Базар-Коргон АШКнын төрагасы) 

5. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Баткен облусунун Исфана шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Рахманов Алмаз Азиреткулович, Лейлек АШКнын төрагасы) 

6. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер, Маргун, Бешкент, Ак-Суу, Сумбула, Тогуз-Булак, Лейлек жана Катран айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Рахманов Алмаз Азиреткулович, Лейлек АШКнын төрагасы) 

7. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн  Нарын облусунун  Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу  Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

 (баяндамачы –Омуралиев Бакытбек Кенжебаевич, Нарын АШКнын атайын өкүлү) 

8.  2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун  Ысык   -Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Табышева Саламат Орозбековна, Ысык-Көл АШКнын катчысы) 

9. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун               Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр, Тамчы, Чоң-Сары-Ой, Темир, Садыр Аке, Семеновка, Абдрахман, Өрүктү, Бостери, Ананьев, Кара-Ой жана Күмбел айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо натыйжайлары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Табышева Саламат Орозбековна, Ысык-Көл АШКнын катчысы)

10.2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак, Кара-Булак, Дара, Төрт-Гүл, Суу-Башы жана Кыштут айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 (баяндамачы - Айтбаев Бахабидин Ташполотович,          Баткен АШКнын төрагасы)

11. 10.2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Жоош, Катта-Талдык, Кашкар- Кыштак, Кызыл-Суу, Мады, Нариман, Сары-Колот, Савай, Сарай жана Шарк айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы - Кимсанов Каныбек Кимсанович, Кара-Суу АШКнын төрагасы)

12. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык, Липенка, Жети-Өгүз, Ак-Дөбө, Светло Поляна, Дархан, Жаргылчак, Барскоон, Тамга, Ак-Шыйрак,  Кызыл-Суу жана Оргочор айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо натыйжайлары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(докладчик – Алымбаев Нурбек Толомушович,  Жети-Огуз АШКнын төрагасы)

13. “Айкөл Кыргызстан” саясий партиясынын арызы жөнүндө

(баяндамачы – Абдысатаров Т.З., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

14. Ар кандай маселелер

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>