Башкы Жаңылыктар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы КЭДП (НДПК) партиясын Бишкек …

Бишкек аймактык  шайлоо комиссиясы КЭДП (НДПК) партиясын Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодон чыгарды

19-Апр, 2021

2021-жылы 18-апрелде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында Бишкек аймактык  шайлоо комиссиясы (Бишкек АШК) жыйналыш өткөрүп, «Клооп Медиа», «Жалпы иш» коомдук фонддорунан жана 12 саясий партиядан («Реформа», «Айкөл Кыргызстан», «Кыргызстандын коммунисттер партиясы», «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу-Журт», «Кыргызстандын социалисттик партиясы», «Улутман», «Кыргызстандын демократиялык кыймылы», «Тынчтык», «Бийлик элге», «Ыйман Нуру», «Социал-демократтар») түшкөн даттанууларды жана арыздарды карады.

Кароонун жыйынтыгы боюнча Бишкек АШК №№1028, 1029, 1107, 1243, 1246, 1336, 1339 УШКларда референдум (бүткүл элдик добуш берүү) боюнча бюллетендерди кайра саноо тууралуу, төмөнкү УШКларда добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таануу тууралуу чечимдерди кабыл алды:

- №1158 УШКда – Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча;

- №1343 УШКда – Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум (бүткүл элдик добуш берүү) боюнча.

№№1024, 1029, 1034, 1038, 1054, 1111, 1122, 1123, 1127, 1132, 1139, 1142, 1148, 1206, 1230, 1234, 1239, 1246, 1301, 1315, 1321, 1323, 1327, 1348 шайлоо участоктору боюнча эскертүү берүү жөнүндө, №1243 жана №1333 УШКдын мүчөлөрү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Ошондой эле КЭДП (НДПК) саясий партиясына карата Кылмыштардын жана укук бузуулардын  бирдиктүү  реестрине (КУБР) катталган УКМКнын Бишкек шаары боюнча ББнын жана  Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБдин материалдарынын негизинде Бишкек АШК КЭДП (НДПК) саясий партиясынын өкүлдөрү тарабынан добуш берүү күнү үгүт жүргүзүлгөн, шайлоочуларды сатып алган, шайлоо өнөктүгүн каржылоонун тартибин бузган түрүндө шайлоо мыйзамдарын бузуу орун алган деген тыянакка келди. Ушуга байланыштуу Бишкек АШК КЭДП (НДПК) саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө жана КЭДП (НДПК) саясий партиясы үчүн берилген шайлоочулардын добуштары менен шайлоо бюллетендерин жараксыз деп таануу тууралуу чечим кабыл алды.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады
09-Ноя, 2026

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады.Кыргыз Республикасы боюнча алдын ала тизме 4 467 040 шайлоочуну камтыйт.Алдын ала шайлоочулардын тизмеси кагаз түрүндө 2026-жылдын 18-ноябрына чейин өлкөдөгү 2492 шайлоо участкасында илинет.Бул тизме Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси (ММ «Кызмат») тарабынан Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги (КБМР) маалыматтардын негизинде түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мамлекеттик «Тизме» порталына (tizme.gov.kg) жайгаштырылды.Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу шайлоо маалында күн сайын жүргүзүлөт. Бул иш Борбордук шайлоо комиссиясы менен ММ «Кызмат» (калкты каттоо жана документтештирүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) биргеликте ишке ашырат.Шайлоочу өзүн тизмеден 2027-жылдын 12-январына чейин (кошо алганда) текшере алат: • 1255 же 119 кыска номерлерине чалып; • шайлоо участогунан; • «tizme.gov.kg» сайтынан; • же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз).Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, шайлоочу 2027-жылдын 12-январына чейин (кошуп алганда) электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу.Шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда, биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ - ЦОН) бул жол-жободон өтө алышат.
Кененирээк билүү >>
КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорун окутуудан өткөрдү
07-Ноя, 2026

КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорун окутуудан өткөрдү

2026-жылдын 6–7-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан аймактык шайлоо комиссияларынын 58 системалык администратору үчүн кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталган окутуу өткөрүлдү.Окутуу шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык технологияларды жана тутумдарды натыйжалуу пайдалануу, жаңыланган шайлоо жабдууларынын иштөө өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү, техникалык мүчүлүштүктөрдүн алдын алуу жана аларды ыкчам жоюу боюнча адистердин билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатууга багытталды.Мындан тышкары шайлоо жабдууларынын логистикасы, автоматташтырылган шайлоо жабдуулары жана программалык-техникалык каражаттар, шайлоо жана протокол маалымат тутумдары, тармактык технологиялар, киберкоопсуздук жана маалыматтык тутумдардын иштөө тартиби, жабдууларды колдонуунун өзгөчөлүктөрү, аларды техникалык жактан тейлөө жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери, ошондой эле электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДЖС) боюнча тематикалык сессиялар өттү.Аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорунун кесиптик даярдыгын жогорулатуу, шайлоо процессин техникалык жактан камсыздоонун сапатын жакшыртуу максатында  өткөрүлгөн окутууда тиешелүү адистер катышуучуларды кызыктырган суроолор боюнча жооп беришти.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 7-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. Масалиевдин шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Лю Владимир катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт

Урматтуу  кыргызстандыктар!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт!Элибиздин байыркы маданияты, каада-салты, үрп-адаты, руханий мурастары жана улуу дөөлөттөрү тамыры терең улут экендигибизди айгинелеп турат. “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” – деп, айкөл Манас атабыз элди ынтымакка, биримдикке үндөп, бир туунун алдында жашоого чакырган.Эркин эл катары калыптануу, мамлекеттүүлүктү түптөө, эгемендикке жетүү илгертен ата-бабаларыбыздын изги тилеги болгон. Ошол улуу максаттарды ишке ашыруу үчүн далай оор сыноолорду башынан өткөрүп, көз карандысыздык үчүн өмүрүн арнашкан.Бүгүнкү күндөгү бейпил турмушубуз, эгемен мамлекетибиз жана жаркын келечекке болгон ишенимибиз – ата-бабаларыбыздын бизге калтырган баа жеткис мурасы.Ошондуктан, алардын осуятын жана мурасын аздектеп, эгемендүү Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактоо, аны келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү – ар бирибиздин ыйык милдетибиз.Өлкөбүздө тынчтык, жергебизде ынтымак, мекенибиздин келечеги кең болсун.
Кененирээк билүү >>