Башкы Жаңылыктар БШК АШКлар менен жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого добуш …

БШК АШКлар менен жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча методикалык иштерди жүргүзүүдө

15-Апр, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары менен онлайн жыйын өттү. Жыйында жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу маселелери талкууланды. 

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо участкасында добуштарды эсептейт, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.

Учурда участкалык шайлоо комиссиялары (УШК) тарабынан шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө аяктады. 

Андан ары аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) тиешелүү аймакта (округдарда жана кеңештерде) добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат жана ар бир конкреттүү кеңеште депутаттарды шайлоонун натыйжаларын аныктайт (мандаттарды бөлүштүрүү).

Ошону менен бирге шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү эреже бузуулар жөнүндө келип түшкөн даттанууларды (арыздар) карайт, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алат.

Ошондой эле комиссиялар мыйзам бузуулар, анын ичинде шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн жана укук коргоо жана прокуратура органдарынын компетенциясына кирген, талапкерлер жана партиялар тарабынан бузуулар тууралуу билдирүүлөрдү, арыздарды териштирүү боюнча укук коргоо органдарынын материалдарын дагы карайт. Кароонун жыйынтыктары боюнча шайлоо мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик жөнүндө чечимдер кабыл алынат.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесине ылайык депутаттарды шайлоонун натыйжалары ар бир жергиликтүү кеңеш боюнча АШК тарабынан добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 2-майына чейин) аныкталат.

АШК чечимдери үч күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына, ал эми БШК чечимдери – сотко даттанылышы мүмкүн.

Маалымат үчүн:

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын шайлоо участкасында төмөндөгүлөр боюнча жараксыз деп табат:

- эгерде добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген эреже бузуулар орун алса;

- эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында эреже бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир этсе;

- Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;

Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүүнүн тартибин бузуу менен байланышкан, ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген жоболорду бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү белгилөөгө мүмкүндүк бербеген эреже бузуулар деп түшүнүлөт.

Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн же добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жүрүшүндө шайлоочулар өз эрк-ниетин билдиришине таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандар шайлоо укуктарын жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан жоболорду бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетине таасир эткен эреже бузуулар деп түшүнүлөт.

Жергиликтүү кеңештерде ар бир кеңеш, округ жана участок боюнча шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө алдын ала маалыматтарды БШКнын сайтынан ссылке https://newess.shailoo.gov.kg/ru/election/11103/info шилтемеси боюнча конкреттүү кеңешти тандап, көрсө болот.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>