Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын шаардык жана айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо …

Кыргыз Республикасынын шаардык жана айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүү жөнүндө АЭУнун 99% участоктон маалыматтары боюнча 2021-жылдын 12-апрелине карата алдын ала маалыматтар

12-Апр, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн Кыргыз Республикасынын шаардык жана айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө алдын ала маалыматтар тууралуу маалымат берет.

448 жергиликтүү кеңеште, анын ичинде 28 шаардык кеңеште жана 420 айылдык кеңеште шайлоо өттү.

8 356 депутат шайланыш керек: шаардык кеңештерге 796 депутаттык мандат, айылдык кеңештерге – 7 560 депутаттык мандат.

28 шаарда 56 саясий партия талапкерлердин 237 тизмесин (бардыгы – 11 782 талапкер) каттатты. Анын ичинде 7 300 талапкер – эркектер, 4 482 талапкер – аялдар.

420 айылдык кеңешке 18 772 талапкер катталды, анын ичинде 13 472 талапкер – эркектер, 5300 талапкер – аялдар. Мыйзамдарга ылайык айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо ар бир айылдык кеңеш боюнча аялдар үчүн мандаттардын 30%ынан аз эмеси резервге калтырылды. Аялдар үчүн резервге калтырылган мандаттардын саны 2858 мандатты түзөт.

99% шайлоо участогунан түшкөн маалыматтардын негизинде добуш берүүгө 1 295 943 шайлоочу же 39,06%ы катышты.

Шайлоочулардын тизмелерине 3 318 130 шайлоочу киргизилген.

Шаардык кеңештерге шайлоодо добуш бергендердин саны 386 365 шайлоочуну же 36,82%ды түздү.

Айылдык кеңештерге шайлоодо добуш бергендердин саны 909 578 шайлоочуну же 40,09%ды түздү.

2021-жылдын 12-апрелине карата (12.00) АЭУнун 99% участоктон маалыматтары боюнча алдын ала маалыматтар ушундай.

Жергиликтүү кеңештерде ар бир кеңеш, округ жана участок боюнча шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө алдын ала маалыматтарды БШКнын сайтынан ссылке https://newess.shailoo.gov.kg/ru/election/11103/info шилтемеси боюнча конкреттүү кеңешти тандап, көрсө болот.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо участкасында добуштарды эсептейт, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.

Учурда участкалык шайлоо комиссиялары (УШК) тарабынан шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө аяктады. Шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерин аймактык комиссияларга үч күндүн ичинде даттанууга мүмкүн.

Андан ары аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) тиешелүү аймакта (округдарда жана кеңештерде) добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат жана ар бир конкреттүү кеңеште депутаттарды шайлоонун натыйжаларын аныктайт (мандаттарды бөлүштүрүү).

Ошону менен бирге шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү эреже бузуулар жөнүндө келип түшкөн даттанууларды (арыздар) карайт, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алат.

Ошондой эле комиссиялар мыйзам бузуулар, анын ичинде шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн жана укук коргоо жана прокуратура органдарынын компетенциясына кирген, талапкерлер жана партиялар тарабынан бузуулар тууралуу билдирүүлөрдү, арыздарды териштирүү боюнча укук коргоо органдарынын материалдарын дагы карайт. Кароонун жыйынтыктары боюнча шайлоо мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик жөнүндө чечимдер кабыл алынат.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесине ылайык депутаттарды шайлоонун натыйжалары ар бир жергиликтүү кеңеш боюнча АШК тарабынан добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 2-майына чейин) аныкталат.

АШК чечимдери үч күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына, ал эми БШК чечимдери – сотко даттанылышы мүмкүн.

Маалымат үчүн:

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын шайлоо участкасында төмөндөгүлөр боюнча жараксыз деп табат:

- эгерде добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген эреже бузуулар орун алса;

- эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында эреже бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир этсе;

- Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;

Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүүнүн тартибин бузуу менен байланышкан, ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген жоболорду бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү белгилөөгө мүмкүндүк бербеген эреже бузуулар деп түшүнүлөт.

Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн же добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жүрүшүндө шайлоочулар өз эрк-ниетин билдиришине таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандар шайлоо укуктарын жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан жоболорду бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетине таасир эткен эреже бузуулар деп түшүнүлөт.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды
01-Окт, 2026

КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды

30-сентябрда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу КР БШКнын шайлоо жабдыктарын эксплуатациялоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Тоокеев Максатбек Асыкбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды.КР БШКнын жамааты Максатбек Асыкбековичти аталган сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы мамлекеттик ишмердүүлүгүнө зор ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди каалайт. 
Кененирээк билүү >>