БШК добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорго байланыштуу маалымат берет

12 апреля 2021

Мүмкүн болгон бузуулар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жалган маалымат таратылгандыгына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү билдирет:

“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 35-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 36-беренесине ылайык:

Добуш берүүнүн жыйынтыктары угуза окулгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол, шайлоочуларды идентификациялоо жөнүндө баштапкы, жыйынтыктоочу чектер Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине (сайтына эмес) автоматтык эсептөөчү урналар аркылуу сканерлөө жолу менен жөнөтүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине келип түшкөн, сканерленген документтер протоколду толтуруунун тууралыгына шайкештиги текшерилгенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланат.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөрүн, ошондой эле эки шайлоо өнөктүгү (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум) өткөрүлүп жаткандыгын эске алып, ар бир шайлоо округу боюнча протоколду толтуруунун тууралыгын текшерүү белгилүү бир убакытты алат.

Азыркы учурда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун, шайлоочуларды идентификациялоо жөнүндө баштапкы, жыйынтыктоочу чектердин жана автоматтык эсептөөчү урналардын сканерленген версияларынын 50%дан ашыгы жарыяланды. Аталган документтер толтуруунун тууралыгына шайкештиги текшерилгенине жараша http://protocol.shailoo.gov.kg/ веб-ресурсунда жарыяланууда.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү