Башкы Жаңылыктар БШК Жайыл АШКга даттанууну канааттандыруудан баш тартты

БШК Жайыл АШКга даттанууну канааттандыруудан баш тартты

09-Апр, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-апрелиндеги жыйналышында К.М. Жандралиевдин Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-апрелиндеги №51 протоколун жокко чыгаруу жөнүндө даттануусун канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды.

2021-жылдын 4-апрелинде КР БШКга шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга байланыштуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-апрелиндеги №51 протоколун жокко чыгаруу жөнүндө талапкер К.М. Жандралиевден даттануу түшкөн.

2021-жылдын 8-апрелинде берилген документтерди ар тараптуу изилдөө максатында шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо жана үгүт эрежелеринин маселелери боюнча Жумушчу топ менен КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун биргелешкен жыйналышына Жайыл АШК төрагасы Т.И. Бешкемпирова жана арыз ээси К.М. Жандралиев онлайн режиминде катышты.

Арыз ээси Чүй облусунун Жайыл районунун Красновосток айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Д. Абдиев, З. Бошкоева, П.Калмыков, Ж. Кожоналиев, М.Тультемиров, К.Утуров, М. Чокморова жана Т.Щипачева тараптан биргелешип басылма үгүт материалдарын даярдоодо чыгаруу маалыматтарын көрсөтүү бөлүгүндө шайлоо мыйзамдарынын ченемдери бузулгандыгын белгилейт (ал үгүт материалы талапкер Д. Абдиевдин шайлоо фондунан төлөнгөн), ошондой эле арыз ээси басылма үгүт материалдары ар бир талапкердин шайлоо фондунан төлөнүүгө тийиш деп эсептейт.

Жайыл АШК төрагасы Т.И. Бешкемпирова ал үгүт материалы айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер Д. Абдиевге таандык экендигин жана аларда шайлоо фондунан төлөнгөндүгү жөнүндө чыгаруу маалыматтары көрсөтүлгөндүгүн белгиледи. Ошондой эле төрага жогоруда аталган бардык талапкерлер катталгандыгын, баарынын шайлоо фонддору ачылгандыгын, алардын баары үгүт өнөктүгүн Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык жүргүзүп жатышкандыктарын белгиледи. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 22-беренесинин 14-бөлүгүнө ылайык талапкер, саясий партиялар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн үгүт иштеринин түрүн жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу.

Жумушчу топтордун жыйналышына шайлоо фонддоруна каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар берилди, аларга ылайык ал басылма үгүт материалы айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер Д. Абдиевдин шайлоо фондунан төлөнгөн, шайлоо фондунан төлөнгөндүгү, тиражы жана даярдоочунун маалыматтары жөнүндө маалыматтар бар.

Мындай жагдайда Жумушчу топтордун мүчөлөрү айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер тараптан шайлоо мыйзамдарынын ченемдери бузулган эмес, Жайыл АШКнын чечими мыйзамдуу жана негиздүү экендиги белгиленди деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16, 22, 23, 27-беренелерин,  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, КР БШКнын 2017-жылдын 14-июнундагы №157 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө” Жобону, КР БШКнын 2016-жылдын 20-октябрындагы №161 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-апрелиндеги №51 протоколун жокко чыгаруу жөнүндө К.М. Жандралиевдин даттануусун канааттандыруудан баш тартууну чечти.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

 

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>