Башкы Жаңылыктар 2021-жылдын 8-апрелине карата 183 эл аралык байкоочу аккредитациядан …

2021-жылдын 8-апрелине карата 183 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөрүлдү

08-Апр, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Өзбекстан Республикасынын, Улуу Британиянын, Казакстан Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Германия Федеративдүү Республикасынын, Түркмөнстандын элчиликтеринин, «32 тобу» Мониторинг жана эксперттик борборунун Автономдук коммерциялык эмес уюмунун, Европа Өкүлчүлүгүнүн, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин өкүлдөрүн 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо, ошондой эле ТүркПА Ассамблеясынын Миссиясын 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө токтом кылды.

Чечим «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №21 ПЖ Жарлыгына ылайык, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, кабыл алынды.

2021-жылдын 8-апрелине карата 31 мамлекеттен төмөнкү уюмдардан 183 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөрүлдү:

  •  

Шайлоо органдары:

- 10

  •  

Эл аралык уюмдар:

- 10

  •  

Дипломатиялык өкүлчүлүктөр:

- 16

 

 

№

Чет мамлекеттердин шайлоо органдары

 

Саны

  1.  

Молдова

2

  1.  

Азербайжан

2

  1.  

Россия

2

  1.  

Украина

3

  1.  

Беларусь

2

  1.  

Түркия

2

  1.  

Казакстан

2

  1.  

Македония

4

  1.  

Өзбекстан

2

  1.  

Тажикстан

3

 

Бардыгы:

24

Эл аралык уюмдар

  1.  

Ханнс Зайдель Фондунун КРдеги өкүлчүлүгү

1

  1.  

КМШ ПАА

54

  1.  

ШТУ

4

  1.  

НДИ

1

  1.  

ТТМКК

9

  1.  

ШКУ

15

  1.  

ЖКЖКУ ПА

12

  1.  

«32 тобу» Мониторинг жана эксперттик борборунун Автономдук коммерциялык эмес уюму (Россия)

20

  1.  

"Эл аралык илгерилетүү борборунун" Улуттук демилгелерди эл аралык илгерилетүүгө көмөктөшүү фонду (Россия)

2

  1.  

ТүркПА Миссиясы

8

 

Бардыгы:

126

Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр

 

  1.  

Япония Элчилиги

4

  1.  

Россия Элчилиги

2

  1.  

Иран Элчилиги

1

  1.  

Афганистан Элчилиги

1

  1.  

Тажикстан Элчилиги

1

  1.  

Монголия Элчилиги

1

  1.  

Франция Элчилиги

2

  1.  

Швейцария Элчилиги

1

  1.  

Азербайжан Элчилиги

2

  1.  

Өзбекстан Элчилиги

1

  1.  

Улуу Британия Элчилиги

8

  1.  

ЕБ КРдеги Өкүлчүлүгү

4

  1.  

Казакстан Элчилиги

1

  1.  

Беларусь Элчилиги

1

  1.  

ГФР Элчилиги

2

  1.  

Түркмөнстан Элчилиги

1

 

Бардыгы:

33

 

Бардыгы: 183

 

№

Жарандыгы боюнча

саны

  1.  

Азербайжан

16

  1.  

Албания

1

  1.  

Армения

2

  1.  

Австрия

1

  1.  

Афганистан

1

  1.  

Беларусь

6

  1.  

Болгария

1

  1.  

Улуу Британия

8

  1.  

Индия

2

  1.  

Иран

1

  1.  

Казакстан

14

  1.  

КЭР

4

  1.  

Латвия

1

  1.  

Люксембург

1

  1.  

Мальдив Республикасы

1

  1.  

Молдова

4

  1.  

Монголия

1

  1.  

Пакистан

2

  1.  

Ирак Республикасы

1

  1.  

Македония Республикасы

4

  1.  

Россия

70

  1.  

Сауд Республикасы

1

  1.  

Тажикстан

7

  1.  

Түркия

8

  1.  

Туркменистан

1

  1.  

Өзбекстан

10

  1.  

Украина

3

  1.  

Франция

2

  1.  

ГФР

3

  1.  

Швейцария

1

  1.  

Япония

4

 

Бардыгы: 183

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет
28-Окт, 2026

КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле мектеп президенттери менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.Иш-чарага Департаменттин директорунун орун басары Рустам Алишеров, уюштуруу, укуктук жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Улукбек Муратбеков, Департаменттин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин төрагасы Данияр Бекишов, ошондой эле Бишкек шаарынын активисттери Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө жаш муундун жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу багытында өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Департаменттин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу пландары талкууланды.Бул меморандум жетишилген макулдашууларды бекемдөөгө жана жарандык билим берүү, жаштар менен иштөө багыттарында мындан аркы биргелешкен кызматташтык үчүн укуктук негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен аракеттер жаштарды коомдук-саясий турмушка тартуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө, ошондой эле мектеп окуучуларынын жана жаштардын жарандык активдүү позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
28-Окт, 2026

Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 28-октябрда, Жапыкеев Сыймык Асылбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
27-Окт, 2026

Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 27-октябрда, Эсенбеков Азамат Эсенбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>