ЫКЧТ шайлоочуларды сатып алуу боюнча бузууларга карата көрүлгөн чаралар тууралуу билдирет

07 апреля 2021

1. 2021-жылы 30-мартта “Кымбат Айтиева” деген акаунт менен “Фейсбук” социалдык түйүндүн пайдалануучусу өз баракчасында №5308 шайлоо участогунун аймагында бир нече аял “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Ош шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер Ж.М. Азимовдун атынан ал талапкерди колдоо үчүн шайлоочулардын добуштарын сатып алып, шайлоочуларга тамак-аш продуктыларын таратып жатканы тартылган видео жана фото материалдарды тараткан.

Бул факт КР Жазык кодексинин 192-беренесинде (“Шайлоочуларды сатып алуу”) каралган жазыктын белгилери боюнча ошол эле күнү Ош шаарынын ИИБдин Кылмыштардын жана укук бузуулардын бирдиктүү реестринин (КУБР) АМТсына кир. № 03-041-2021-000663 менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү башталды.

Сотко чейинки өндүрүш жүргүзүүнүн жүрүшүндө “Фрунзе” мектебинин мугалими Ж. Р. Арзибекова аныкталды, ал “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Ж.М. Азимовдун атынан өзү жашаган жер боюнча аталган талапкерди колдоо үчүн 2002-жылы туулган 2-топтогу майып Сохибилло Зулипатовго тамак-аш продуктыларын алып келген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү боюнча териштирүү улантылууда.

2. 2021-жылы 19-мартта «VESTI.KG» газетасынын журналисти Д.Советбековдон маалымат түштү, ал «Инстаграмм» интернет түйүнүндө "Мегаком" уюлдук операторунун 0550 77 77 10 абонентинин аудио жазмасы талкууланып жатканын билдирген.

Аудио жазмада «Штаб» деген ат менен WhatsApp топто белгисиз аял шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн 1-форма боюнча каттоо үчүн адамдарды участоктук шайлоо комиссияларына жөнөтүүгө мүмкүн экендиги жөнүндө көрсөтмө берет. Ал ошондой эле жарандарды участоктук шайлоо комиссияларына ташып келүүнү камсыздоо жөнүндө көрсөтмө берет. Андан ары ал мыйзамга ылайык адамдарды батирлерге каттаса болорун, бирок шек туудурбаш үчүн алардын саны 10дон ашпоосу зарыл экендигин билдирет. Видеодо автор 3 000 сом төлөө боюнча агитаторлор менен түзүлүүчү келишимди көрсөтөт.

2021-жылы 20-мартта КР Жазык кодексинин 192-беренесинде (“Шайлоочуларды сатып алуу”) каралган жазыктын белгилери боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБдин КУБР АМТсына кир. 03-002-2021-003274 менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү башталды.

Териштирүүнү уюштуруунун жүрүшүндө көрсөтүлгөн топко билдирүүнү «НДПК» партиясынан депутаттыкка талапкер Р.Р. Идырова жөнөткөнү аныкталды.

2021-жылы 5-апрелде сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын көчүрмөлөрү КР Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык шайлоо мыйзамдары боюнча Р.Р. Идыровага карата чара көрүү үчүн Бишкек АШКга жөнөтүлдү.

2021-жылы 6-апрелде Бишкек АШКнын токтому менен шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерге КР Бузуулар жөнүндө кодексинин 42-беренесине ылайык 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүүнүн натыйжасы боюнча маселе шайлоо комиссиясы тарабынан кайра каралышы мүмкүн.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү