Башкы Жаңылыктар БШК эки талапкерди "Бир Бол" мамлекеттик биримдик жана …

БШК эки талапкерди "Бир Бол" мамлекеттик биримдик жана патриоттуулук саясий партиясынын тизмесинен чыгарды

01-Апр, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-апрелиндеги жыйынында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлер тизмесинен төмөнкү адамдарды саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн тизмеден чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. "Бир Бол" мамлекеттик биримдик жана патриоттуулук саясий партиясынан көрсөтүлгөн:

  • Малабаев Медербек Муратбекович;
  • Султанов Марат Сейитбаевич.

Ошондой эле жыйында БШКнын 2015-жылдын 3-сентябрындагы №61 “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана патриоттуулук саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө” чечиминдеги Медербек Малабаевге жана Марат Султановго тиешелүү каттоосунун күчүн жоготту деп таануу чечимин кабыл алды.

Чечим Малабаев Медербек Муратбековичтен жана Султанов Марат Сейитбаевичтен "Бир Бол" мамлекеттик биримдик жана патриоттуулук саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө келип түшкөн арыздардын негизинде, “КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 65-беренесине, “КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 18-беренесине ылайык кабыл алынды.

КР БШК Маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>