Башкы Жаңылыктар Чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын …

Чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыздоо боюнча Жумушчу топтун кезектеги жыйналышы болуп өттү

29-Мар, 2021

Жыйналыштын жүрүшүндө катышуучулар 2021-жылдын 11-апрелиндеги чет өлкөлөрдөгү референдумдун катышуучуларынын тизмесинин толуктугун жана аныктыгын камсыздоо маселелерин, ошондой эле добуш берүүнү уюштуруу боюнча практикалык чараларды талкуулашты.

Бүгүнкүгө карата чет өлкөлөрдөгү референдумдун катышуучуларынын тизмесинде 58 357 жаран бар, бул 2021-жылдын 10-январындагы чет өлкөлөрдөгү референдумдун катышуучуларынын биротоло тизмесине (49 479) салыштырмалуу дээрлик 10 миң жаранга көп.

Чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын толук жана инклюзивдүү камсыздоо максатында КР ТИМ менен МКК биргеликте чет өлкөлөрдөгү референдумдун катышуучуларынын тизмесин кылдат текшерүүдө.

Жарандарды тааныштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорунун мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексти менен «Эркин Тоо» газетасынын атайын чыгарылышы басып чыгарылды. Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде жайгаштыруу үчүн, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында таратуу үчүн газетанын жетиштүү нускасы КР ТИМге берилет.

Бүт дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, чет өлкөлөрдөгү референдумдун катышуучулары жеке коргоочу каражаттар менен камсыздалып, ар бир жаран термометриядан өтөт жана колдору санитайзерлер менен иштетилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2021-жылдын 9-мартында №82 токтом кабыл алгандыгына байланыштуу паспортту колдонуу мөөнөтүнүн аякташы референдумга катышуу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт, ага ылайык 2021-жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкү паспортторду колдонуу мөөнөтү узартылды:

- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн же барган жарандар үчүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);

- 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту, Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек жаранынын паспортунан тышкары.

Ошондой эле шайлоо жабдыктарын жана документтерин чет өлкөлөрдөгү референдум участокторуна жеткирүүгө байланыштуу практикалык маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын алдыдагы – 2021-жылдын күзүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого болжолдолуп жаткан айрыкча кызыгуусун эске алып, чет өлкөлөрдөгү мекемелерге «Консулдук каттоо» автоматташтырылган маалымат тутумунун базасында түзүлүүчү чет өлкөлөрдөгү референдумдун катышуучуларынын тизмесинин толуктугун жана аныктыгын камсыздоо боюнча жигердүү иштерди улантуу сунушу айтылды.

Жумушчу топко чет өлкөлөрдөгү мекендештердин алдыдагы референдумдун маңызы, ошондой эле ага катышуу тартиби тууралуу кабардар болуусун арттыруу үчүн чараларды күчөтүү тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 
 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет
28-Окт, 2026

КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле мектеп президенттери менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.Иш-чарага Департаменттин директорунун орун басары Рустам Алишеров, уюштуруу, укуктук жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Улукбек Муратбеков, Департаменттин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин төрагасы Данияр Бекишов, ошондой эле Бишкек шаарынын активисттери Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө жаш муундун жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу багытында өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Департаменттин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу пландары талкууланды.Бул меморандум жетишилген макулдашууларды бекемдөөгө жана жарандык билим берүү, жаштар менен иштөө багыттарында мындан аркы биргелешкен кызматташтык үчүн укуктук негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен аракеттер жаштарды коомдук-саясий турмушка тартуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө, ошондой эле мектеп окуучуларынын жана жаштардын жарандык активдүү позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
28-Окт, 2026

Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 28-октябрда, Жапыкеев Сыймык Асылбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
27-Окт, 2026

Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 27-октябрда, Эсенбеков Азамат Эсенбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>