Башкы Жаңылыктар КР БШКсы кээ бир АШКнын резервине толуктоолорду киргизди

КР БШКсы кээ бир АШКнын резервине толуктоолорду киргизди

29-Мар, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 29-мартындагы жыйынында төмөнкү аймактык шайлоо комиссиялардын резервине толуктоолорду киргизүү боюнча тѳмѳндѳгүдѳй токтом кабыл алды:

Кызыл-Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү

Омурзакова Чынара  Айдаралиевна

Мумбаева Чолпон Турдалиевна

Пазылов Арстанбек Токтоматович

Сейдалиев Элмурат Акрамалиевич

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү

Каримова Гулиза Аширалиевна

Раимбеков Турдали

Абдыкайымова Кумаркан Абдыкаюмовна

Зулумбекова Динара Жанышовна

Абдуыахапова Хасиетхан Йигиталиевна

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү

Сакеев Жолдош

Табышева Саламат Орозбековна

Курманбаев Эмил Бекенович

Кыдыманов Омурбек Дуйненалиевич

Касымалиев Канатбек Асенович

Самарова Айзада Насбековна

Тюлегенов Турат Бектурович

Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү

Медерова Жусмабүбү

Кадыров Дастан Азаматович

Надыршаев Нурадин Надыршаевич

Урматова Жанара Мирланбековна

Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү

Кырбашов Шаршен

Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү

Жылкычыманова Кенжегүл Асанакуновна

Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү

Эсенбаева Миргуль Эсенбаевна

Жабагыев Эдик Маматибраимович

Токтогулов Жоодарбек

Кумарбеков Мыктыбек Мусабаевич

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү

Маматкулов Туратбай Мамадарипович

Гиниятулина Венера Мисбаховна

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү

Ормонбекова Патма Жакшыбайевна

Капарова Нуржамал

Токтобеков Бакытбек Камалович

Темиров Мирбек Алипбековичю

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү

Вишнивецкий Игорь Вальеревич

Айдыралиев Айбек Мамбетович

Джаилов Аскарбек Сатаевич

Ешалиева Назугль Жолдошбековна

Чечим «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  7, 19-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине ылайык,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» Жобосуна, аймактык шайлоо комисиялардын резервдерине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2021-жылдын 29-мартындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) 2021-жылдын 22-февралындагы кайрылуусунун негизинде, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү кеңештеринин токтомдорунун негизинде кабыл алынды.

КР БШК маалыматтык бѳлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>