Башкы Жаңылыктар Аялдардын квотасын колдоо үчүн аллея салынды. Акцияга Мамлекет …

Аялдардын квотасын колдоо үчүн аллея салынды. Акцияга Мамлекет башчысы, БШК, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөр катышты

27-Мар, 2021

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн аялдарынын жергиликтүү кеңештерге катышуусун жигерлетүүнү колдоо боюнча иш-чарага катышты. “Кыргызстанды бирге өнүктүрөбүз!” деген ураан менен өткөн акцияга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова, БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Наталья Герман, ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөр катышты.

Куттуктоо сөзүндө Н. Шайлдабекова Кыргыз Республикасы өзүнө эркин, акыйкат жана демократиялык шайлоо өткөрүү боюнча эл аралык милдеттенмелерди алгандыгын белгиледи.

“Мамлекеттин милдети – биздин жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусу үчүн тынч шарттарды түзүү. Бүгүнкү өнөктүк жүргүзүлүп жаткан реформаларга коомчулуктун көңүлүн бурууга, аялдардын шайлоого катышуусун күчөтүүгө жана шайлоого катышууга ниеттенген аялдарга толук колдоо көрсөтүүгө багытталган”, - деп айтты БШК төрагасы.

Алдыда 11-апрелде айылдык кеңештерге шайлануучу 7 560 депутаттын 2 943 мандаты талапкер аялдар үчүн резервге калтырылгандыгы белгиленди. Ал мандаттар үчүн 5300 талапкер аял ат салышууда. Бул аялдардын саясатка кызыккандыгынын жана ага барууга, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө даярдыгынын абдан жакшы көрсөткүчү.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы өлкөнүн саясий турмушуна катышууга жарандардын бирдей мүмкүнчүлүктөрүн символдоштуруучу бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.

“30%дык квотаны иш жүзүндө колдонуу айылдык кеңештерде аялдардын санынын өсүшүнө алып келет, ал эми натыйжасында жер-жерлерде чечим чыгарууда гендерлик теңчиликти камсыз кылат”, - деди С. Жапаров.

КР Президенти аялдардын үй-бүлөгө эле камкордук көрбөстөн, аймактарда бакубатчылыкты тартуулоого умтулуусун колдоого даяр экендигин билдирип, облустардын социалдык-экономикалык жактан гүлдөп, өнүгүшүнө аялдар чындыгында көмөктөшө аларын кошумчалады. Бүгүн

тиккен көчөттөр аймактарыбыздын ургаалдуу өсүшүнөн артта калбай өсүп кетерине ишенерин билдирди.

Өз кезегинде БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Наталья Герман турмуштун бардык чөйрөлөрүндө, анын ичинде саясий чөйрөдө гендерлик теңчиликти камсыздоого Кыргыз Республикасынын умтулуусун баса белгиледи.

“Бириккен Улуттар Уюмунда аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө олуттуу мамиле жасашат жана бул тынчтык, коопсуздук жана бардык адамдардын туруктуу өнүгүшү үчүн чечүүчү мааниге ээ экендигин жакшы түшүнүшөт”, - деди Н. Герман.

БУУ гендерлик теңчиликти чыңдоо жана аялдардын саясатка катышуусун кеңейтүү үчүн Кыргызстан дайыма жумшап келаткан күч-аракеттерди кубаттайт.

Дипломатиялык корпустун атынан Германиянын Элчиси Моника Иверсен чыгып сүйлөп, бул иш-чараны уюштургандыгы үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына ыракматын айтты.

“Аллея үчүн дарак көчөттөрүн тигүү келечекте жемишин берүүчү символдуу иш. Биз тигүүчү көчөттөр өсүп, жетилип, дүйнөнү жана бизди курчап турган айлана-чөйрөнү өзгөртөт. 30%дык гендерлик квотаны киргизүү дагы Кыргыз Республикасынын демократиялык нукта өнүгүшүнө узак мөөнөттүү таасир этерине биз ишенебиз”, - деди М. Иверсен.

Расмий бөлүк аяктагандан кийин иш-чаранын катышуучулары аялдардын жергиликтүү кеңештерге катышуусун жигерлетүүнү колдоп, борбордогу “Ынтымак” паркында көчөт тигишти.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>