Нарын шаарынын ЖМКларына жана жарандык коомуна шайлоонун өзгөчөлүктөрү жана үгүт эрежелери жөнүндө айтылды

25 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргызстандагы БУУ ӨПнүн колдоосу менен Нарын шаарында жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жана жарандык коомдун уюмдарынын (ЖКУ) өкүлдөрү үчүн “Шайлоо өнөктүктөрүн каржылоого байкоо жүргүзүү” деген темада тренинг өткөрдү.

Тренингдердин бул сериясы өлкө боюнча ЖКУ жана ЖМК өкүлдөрүн дүйнөлүк жана улуттук масштабда саясий каржылоонун негизги өңүттөрү менен тааныштыруу максатында уюштурулду.

ЖКУ жана ЖМК өкүлдөрүнө учурдагы шайлоо өнөктүгүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат беришти.

Ар бир шайлоо округунда мандаттардын 30%дан аз эмес квотасын аялдар үчүн резервге калтыруу өтүп жаткан айылдык кеңештерге шайлоонун өзгөчөлүгү болуп калат. Бул атайын чара аялдардын айылдык кеңештердеги 10%ды түзгөн төмөн өкүлчүлүгүн талдоонун негизинде аялдардын жергиликтүү кеңештерге катышуусун жигерлетүү максатында мыйзам менен кабыл алынган. Ал мыйзамдын негизинде учурдагы шайлоодо 5 383 талапкер аял көрсөтүлгөн округдарда 2 943 мандат аялдар үчүн резервге калтырылды.

Бул жергиликтүү шайлоодо мыйзамдын төмөнкү жаңы ченемдери биринчи жолу колдонулат: талапкерлерде жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар болуусу жөнүндө талап; 1 миң сом шайлоо күрөөсү; талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү жана акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө каржы отчётун түзүү жана тапшыруу; саясий партияларга теледебат өткөрүү үчүн обо убактысын берүү.

Шайлоо дайындалган учурдан тартып, шайлоочуларды сатып алууга, кайрымдуулук кылууга тыюу салынат.

Саясий партиялардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы өнөктүккө катышуу менен жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же иштиктүү беделине зыян келтирүүчү жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү