2,3 миңден ашык адам инфобустардын жардамы менен биометрикалык маалыматтарын тапшырды

20 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу алдында жарандарга маалыматтык автобустардын жардамы менен биометрикалык каттоодон өтүү боюнча кызмат көрсөтүүдө.

Биометрикалык каттоонун болуусу шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн негиз болуп саналат. Акция жарандардын 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуусун кеңейтүү үчүн ишке киргизилди.

3-марттан 20-мартка чейин инфобустар республиканын 130 калктуу конушуна барып, жер-жерлерде биометрикалык маалыматтарды тапшыруу, паспортко алмашуу үчүн документтерди берүү, туруктуу жашаган жери боюнча катталуу, электрондук санариптик колтамга алуу боюнча кызмат көрсөтүштү.

Биометрикалык каттоонун мобилдик топторунун жардамы менен 2 329 адам биометрикалык каттоодон өттү, 183ү – паспортко алмашуу, 585и – каттоосун алмаштыруу үчүн документтерин тапшырды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү