Башкы Жаңылыктар БШК «Тизме» мамлекеттик порталында Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл …

БШК «Тизме» мамлекеттик порталында Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) катышуучуларынын алдын ала тизмесин жайгаштырды

16-Мар, 2021

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамы менен жекшембиге – 2021-жылдын 11-апрелине Кыргыз Республикасынын бүт аймагында «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү)  дайындалды.

2021-жылдын 15-мартында Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) катышуучуларынын алдын ала тизмеси түзүлүп КР БШКга өткөрүлгөн  шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» шайлоочуларынын мамлекеттик порталында - https://tizme.gov.kg/ жайгаштырылды. 

2021-жылдын 16-мартына карата алдын ала тизмелер 2482 участкалык шайлоо комиссияларында, №3203 УШКдан тышкары (“Кумтөр” кениндеги УШК) илинди. Алдын ала тизмелердеги катышуучулардын саны: 3 597 476 жаран, анын ичинен 1 721 153 эркек, 1 876324 аял же тийиштүүлүгүнө ылайык 47,84% жана 52,16%. 2021-жылы 10-январда өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу  шайлоочулардын биротоло тизмесине жана референдумдун катышуучуларынын тизмесине салыштырмалуу өсүш 33 902 шайлоочуну түздү. 

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары 48 шайлоо участогу түзүлдү, 2021-жылдын 15-мартында алдын ала тизмеде референдумдун катышуучуларынын саны 54138 жаранды түздү.

Урматтуу референдумдун катышуучулары!

2021-жылдын 11-апрелине (жекшембиге) дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумуна катышуу үчүн 2021-жылдын 27-мартына чейин тизмеден жеке маалыматтарыңызды тактооңуз зарыл:

- «Тизме» шайлоочулардын мамлекеттик порталында - https://tizme.gov.kg/;

- өзүңүздүн шайлоо участогуңузда;

- паспортуңузда көрсөтүлгөн ПИН-номуруңуз менен 119 номуруна чалып же SMS жөнөтүү менен (чалуу жана SMS акысыз), Сиз шайлоо участогуңуздун номурун жана дарегин аласыз.

Эгерде шайлоочулардын тизмесинен кандайдыр бир ката же так эместик табылса, анда 2021-жылдын 27-мартына чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына паспортту (ID-card) көрсөтүп, анын көчүрмөсүн арызга тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз менен кайрылуу керек.

Шайлоо участогунда арыз бергенде, шайлоочу биометрикалык идентификациядан милдеттүү түрдө өтөт!

Көңүл буруңуз! Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жашаган же жүргѳн Кыргыз Республикасынын 18 жашка чыккан жараны тышкы иштер маселелерин тескеген мамлекеттик органдын (КР элчиликтери, консулдуктары)  консулдук эсепке (убактылуу консулдук эсепке) эсепке туруу жана биометрикалык идентификациядан өтүү жолу менен референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилет.

Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында (Калкты тейлөө борборлорунда, паспорт столдорунда жана ЗАГС бөлүмдөрүндө) биометрикалык каттоодон өтүп же паспорттук маалыматтарыңызды жаңырта аласыз!

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет
28-Окт, 2026

КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле мектеп президенттери менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.Иш-чарага Департаменттин директорунун орун басары Рустам Алишеров, уюштуруу, укуктук жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Улукбек Муратбеков, Департаменттин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин төрагасы Данияр Бекишов, ошондой эле Бишкек шаарынын активисттери Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө жаш муундун жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу багытында өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Департаменттин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу пландары талкууланды.Бул меморандум жетишилген макулдашууларды бекемдөөгө жана жарандык билим берүү, жаштар менен иштөө багыттарында мындан аркы биргелешкен кызматташтык үчүн укуктук негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен аракеттер жаштарды коомдук-саясий турмушка тартуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө, ошондой эле мектеп окуучуларынын жана жаштардын жарандык активдүү позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
28-Окт, 2026

Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 28-октябрда, Жапыкеев Сыймык Асылбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
27-Окт, 2026

Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 27-октябрда, Эсенбеков Азамат Эсенбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>