Башкы Жаңылыктар Ош шаарында АШК, укук коргоо органдары жана прокуратура …

Ош шаарында АШК, укук коргоо органдары жана прокуратура шайлоодо бузууларга жол бербөө үчүн партиялар менен бирге иштейт

15-Мар, 2021

Бүгүн – 2021-жылы 15-мартта Ош аймактык  шайлоо комиссиясында 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Ош шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялар менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга КР БШК Төрагасынын орун басары Бекматов А.Г., Ош шаарынын ИИББ начальнигинин орун басары Раимбердиев А., Ош шаарынын прокурорунун орун басары Баатыров К. М., УКМКнын  аймактык  башкармалыгынын өкүлү Жороев К. Т. катышты.

Жолугушууда бардык партияларга жана талапкерлерге тең укуктук шарттарды камсыздоо, тигил же бул партиялардын кызыкчылыктарына  администрациялык ресурсту колдонууга жол бербөө, добуштарды сатып алууга ж.б. бузууларга каршы аракеттенүү маселелери талкууланды.

Бир дарекке жапырт каттоо учурларын жоюу үчүн шайлоочулардын тизмесин түзүүгө байланыштуу коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу боюнча КР БШК тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу айтылды.

А. Бекматов Ош АШК тараптан ички иштер, прокуратура органдары, УКМК менен өз ара аракеттешип, шайлоо өнөктүгүн өткөрүүдө бардык партиялар үчүн тең шарттарды камсыздоо, шайлоо укуктарын жана шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам жана натыйжалуу чара көрүү боюнча бардык аракеттер жасалары тууралуу партиялардын өкүлдөрүнө маалымат берди. Бул үчүн Ошто Ош АШКнын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган Ыкчам чара көрүүчү координациялык топ (ЫЧКТ) түзүлдү, шайлоодо бузуулар орун алган учурда ага кайрылса болот.

Партиялардын өкүлдөрү администрациялык ресурсту колдонуу ж.б. бузуулар жөнүндө түшкөн маалыматтрга байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти, ошондой эле айрым талапкерлерге кысым жасалып жаткандыгы тууралуу маалымат беришти.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү ар бир билдирүү боюнча кылдат, калыс териштирүү жүргүзүлөрүн, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартыла тургандыгын убада кылышты.

А. Бекматов шайлоо комиссиялары жана ЫЧКТ партиялар менен өз ара аракеттешип иштөөгө эшиги ачык экендигин билдирип, мыйзамдуу жана акыйкат шайлоо өткөрүү үчүн укук нугунда биргелешип аракеттенүүгө чакырды.

Партиялар өз өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, партиялаштарынын, үгүтчүлөрүнүн, ага-туугандарынын, досторунун, тааныштарынын ж.б. адамдарынын шайлоочулардын добуштарын сатып алууга катышуусуна, администрациялык ресурсту колдонууга жол бербесе, адил жана акыйкат шайлоо өткөрүүгө ар тараптан көмөктөшсө деген каалоо айтылды.

Ош АШКнын ЫЧКТ партиялар менен дайыма жолугушуп, учурдагы шайлоо кырдаалы тууралуу маалымат алышып турууга даяр экендигин билдирди. Жолугушууда тараптар ыкчам түрдө маалымат алмашып туруу максатында саясий партиялардын өкүлдөрү жана Ош АШКнын ЫЧКТ мүчөлөрү менен whatsapp-топторду түзүү жөнүндо сунушту колдошту.

Ош шаардык кеңешке шайлоого төмөнкү 9 партия катышат: "Ата Журт Кыргызстан", "Улуттар биримдиги", "Бүтүн Кыргызстан", "Ишеним", "Бир Бол", "Ыйман Нуру", "Ынтымак", "Улуу-Журт", "Республика".

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>