Ош шаарында АШК, укук коргоо органдары жана прокуратура шайлоодо бузууларга жол бербөө үчүн партиялар менен бирге иштейт
15 марта 2021
Бүгүн – 2021-жылы 15-мартта Ош аймактык шайлоо комиссиясында 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Ош шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялар менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга КР БШК Төрагасынын орун басары Бекматов А.Г., Ош шаарынын ИИББ начальнигинин орун басары Раимбердиев А., Ош шаарынын прокурорунун орун басары Баатыров К. М., УКМКнын аймактык башкармалыгынын өкүлү Жороев К. Т. катышты.
Жолугушууда бардык партияларга жана талапкерлерге тең укуктук шарттарды камсыздоо, тигил же бул партиялардын кызыкчылыктарына администрациялык ресурсту колдонууга жол бербөө, добуштарды сатып алууга ж.б. бузууларга каршы аракеттенүү маселелери талкууланды.
Бир дарекке жапырт каттоо учурларын жоюу үчүн шайлоочулардын тизмесин түзүүгө байланыштуу коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу боюнча КР БШК тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу айтылды.
А. Бекматов Ош АШК тараптан ички иштер, прокуратура органдары, УКМК менен өз ара аракеттешип, шайлоо өнөктүгүн өткөрүүдө бардык партиялар үчүн тең шарттарды камсыздоо, шайлоо укуктарын жана шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам жана натыйжалуу чара көрүү боюнча бардык аракеттер жасалары тууралуу партиялардын өкүлдөрүнө маалымат берди. Бул үчүн Ошто Ош АШКнын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган Ыкчам чара көрүүчү координациялык топ (ЫЧКТ) түзүлдү, шайлоодо бузуулар орун алган учурда ага кайрылса болот.
Партиялардын өкүлдөрү администрациялык ресурсту колдонуу ж.б. бузуулар жөнүндө түшкөн маалыматтрга байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти, ошондой эле айрым талапкерлерге кысым жасалып жаткандыгы тууралуу маалымат беришти.
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү ар бир билдирүү боюнча кылдат, калыс териштирүү жүргүзүлөрүн, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартыла тургандыгын убада кылышты.
А. Бекматов шайлоо комиссиялары жана ЫЧКТ партиялар менен өз ара аракеттешип иштөөгө эшиги ачык экендигин билдирип, мыйзамдуу жана акыйкат шайлоо өткөрүү үчүн укук нугунда биргелешип аракеттенүүгө чакырды.
Партиялар өз өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, партиялаштарынын, үгүтчүлөрүнүн, ага-туугандарынын, досторунун, тааныштарынын ж.б. адамдарынын шайлоочулардын добуштарын сатып алууга катышуусуна, администрациялык ресурсту колдонууга жол бербесе, адил жана акыйкат шайлоо өткөрүүгө ар тараптан көмөктөшсө деген каалоо айтылды.
Ош АШКнын ЫЧКТ партиялар менен дайыма жолугушуп, учурдагы шайлоо кырдаалы тууралуу маалымат алышып турууга даяр экендигин билдирди. Жолугушууда тараптар ыкчам түрдө маалымат алмашып туруу максатында саясий партиялардын өкүлдөрү жана Ош АШКнын ЫЧКТ мүчөлөрү менен whatsapp-топторду түзүү жөнүндо сунушту колдошту.
Ош шаардык кеңешке шайлоого төмөнкү 9 партия катышат: "Ата Журт Кыргызстан", "Улуттар биримдиги", "Бүтүн Кыргызстан", "Ишеним", "Бир Бол", "Ыйман Нуру", "Ынтымак", "Улуу-Журт", "Республика".




КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
