Башкы Жаңылыктар БШКда чет өлкөлөрдө референдумду даярдоо жана өткөрүү маселелери …

БШКда чет өлкөлөрдө референдумду даярдоо жана өткөрүү маселелери талкууланды

15-Мар, 2021

Чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыздоо боюнча Жумушчу топ 2021-жылдын 15-мартындагы кезектеги жыйналышында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары референдумду даярдоо жана өткөрүү маселелерин талкуулады.

Күн тартибине чет өлкөлөрдө референдум участкаларын түзүү, референдумдун катышуучуларынын тизмелерин толук жана анык түзүүнү камсыздоо, ошондой эле керектүү жабдыктарды, документтерди жана жеке коргонуучу каражаттарды жеткирүү маселелери киргизилди.

БШК төрагасы жыйналыштын катышуучуларына КР БШКнын 2021-жылдын 14-мартындагы № 65 токтому менен БШКнын мурдагы – 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 370 токтому менен түзүлгөн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн шайлоо участкалары Кыргыз Республикасынын референдумунун участкалары катары бекитилгендигин маамымдады. Ушуга байланыштуу ТИМ айрым мамлекеттердеги эпидемиологиялык кырдаалды жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын реформаланышын эске алуу менен өз убагында сунуштарды киргизүүсү зарыл. Ошону менен бирге Жумушчу топ мурда түзүлгөн референдум участкаларынын санын сактоо зарылдыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык чет өлкөлөрдөгү референдумдун катышуучуларынын тизмеси «Консулдук каттоо» АМТ маалыматтарынын негизинде түзүлөт, ошондуктан Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук каттоого турган, чет өлкөлөрдөгү референдумдун катышуучуларынын актуалдашкан тизмесин түзүү үчүн мыйзамдарга ылайык биометрикалык  каттоодон өткөн референдумдун катышуучулары тууралуу маалыматтарды кыска мөөнөттүн ичинде берүү ТИМге жана МККга тапшырылды.

Жыйналыштын жүрүшүндө 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана референдумду өткөрүүдө кошкон салымдары үчүн КР ТИМдин, МККнын (ГРС) жана ММКнын (ГСМ) өкүлдөрүнө КР БШКнын ыраазычылык каттары тапшырылды.

Маалымат үчүн: БШКнын, КР ТИМдин, МККнын ж.б. бир катар мамлекеттик органдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү Чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыздоо боюнча Жумушчу топтун мүчөлөрү болуп саналат. Жумушчу топ өз ишин КР БШКнын 2020-жылдын 26-июнундагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыз кылуу жѳнүндѳ” Жобого ылайык жүргүзөт.

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет
28-Окт, 2026

КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле мектеп президенттери менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.Иш-чарага Департаменттин директорунун орун басары Рустам Алишеров, уюштуруу, укуктук жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Улукбек Муратбеков, Департаменттин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин төрагасы Данияр Бекишов, ошондой эле Бишкек шаарынын активисттери Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө жаш муундун жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу багытында өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Департаменттин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу пландары талкууланды.Бул меморандум жетишилген макулдашууларды бекемдөөгө жана жарандык билим берүү, жаштар менен иштөө багыттарында мындан аркы биргелешкен кызматташтык үчүн укуктук негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен аракеттер жаштарды коомдук-саясий турмушка тартуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө, ошондой эле мектеп окуучуларынын жана жаштардын жарандык активдүү позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
28-Окт, 2026

Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 28-октябрда, Жапыкеев Сыймык Асылбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
27-Окт, 2026

Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 27-октябрда, Эсенбеков Азамат Эсенбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>