БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоо үчүн 179 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

12 марта 2021

2021-жылдын 12-мартындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 179 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана Интернет басылмаларын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алды.

  • 115 (жүз он беш) жалпыга маалымдоо каражаттары;
  • 64 (алтымыш төрт) Интернет-басылмалар.

Чечим шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субьектилерине маалымат берүү жана КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө жана агитациянын эрежелеринин маселелери боюнча Жумушчу тобунун сунушун, “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 9-22-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 18-беренесине, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-21-пункттарына ылайык, ошондой эле КР БШКсы 2016-жылдын 11-октябрында  №151-токтому менен бекиткен жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө жобого ылайык кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү