БШК БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттарынын Кичи Элчилери менен шайлоодо жаштарды жигердештирүү боюнча чараларды талкуулады

12 марта 2021

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова жана БУУнун КРдеги ӨПнүн шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилова БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттарынын Кичи Элчилери менен Кыргызстанда демократиялык шайлоолорду жана шайлоо процесстерин өткөрүүнүн эл аралык стандарттарын талкуулады.

БШК башчысы Кыргыз Республикасынын шайлоо тутуму жана шайлоо процесстеринде, жалпы эле өлкөнү өнүктүрүүдө жаштардын ролу жөнүндө жаш активисттерге маек курду.

“Кыргызстандагы шайлоолордун өзгөчөлүгү – бул шайлоочулардын тизмесинде жаштардын үлүшүнүн абдан көп экендиги. Үстүбүздөгү жылдын 10-январында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүгө жалпысынан 39,32% шайлоочу келсе, 18 жаштан 31 жашка чейинки жаштардын катышуусу 25,14%ды түздү.

Мында Борбордук шайлоо комиссиясы калктын шайлоо процессине ишенимин арттыруу үчүн бардык чараларды көрүүдө. Санарип технологиялары мүмкүн болушунча жогору даражада киргизилүүдө, шайлоочулардын тизмесин түзүү жана шайлоого катышуу биометрикалык негизде жүргүзүлүүдө, бул манипуляцияны жоюп, шайлоочулардын тизмесинин аныктыгын камсыздоодо. Добуштардын натыйжаларын саноо үчүн автоматтык эсептөөчү урналар пайдаланылат жана кол менен саноо жүргүзүлөт. “Тизме” (https://tizme.gov.kg/) порталы ишке киргизилип, анда шайлоочулардын тизмеси облустар, гендер, жаш курактары боюнча ж.б. статистикалык маалыматтар жарыяланып турат, ал маалыматтар шайлоо мезгилинде – күн сайын, шайлоолордун аралыгында ай сайын жаңыланат”, - деди Н. Шайлдабекова.

БУУнун КРдеги ӨПнүн шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилова шайлоо өткөрүүнүн эл аралык стандарттарына токтолду.

“Шайлоо өткөрүүнүн мыкты эл аралык тажрыйбалары төмөнкү критерийлерге негизделген. Мыйзам базасы бардык саясий партиялар жана талапкерлер шайлоо мезгилинде мыйзам алдында теңчиликтин негизинде бири бири менен жүйөлөшүүгө мүмкүнчүлүктөрү болуусун кепилдөөгө тийиш. Оюн эрежелериндеги теңсиздик демократиялык саясий процесстерге бардык жарандардын тең катышуусуна жана ал процесстерде өкүл болуусуна тоскоолдук кылат.

Шайлоо өткөрүү органдары талапкерлер менен жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүү үчүн мүмкүн болушунча жогору даражада ачык болууга тийиш, алар өз иш-милдеттерин кесипкөй деңгээлде аткаруулары керек. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүнү жөнгө салуучу так жоболорду иштеп чыгуу зарыл. Мисалы, мамлекеттик ЖМКларда саясий партияларга обо убактысы бирдей көлөмдө берилиши керек. Шайлоонун толук натыйжалары токтоосуз жарыяланып, калктын кеңири катмарына жеткирилүүгө тийиш. Шайлоонун натыйжалары текшерүү үчүн жеткиликтүү болууга тийиш”, - деди ал.

Талкуунун жүрүшүндө жаштар курч суроолорду берип, ачык жооп алышты, жетишилген ийгиликтерге жана Кыргызстандагы шайлоолорду мындан ары өркүндөтүү үчүн жасалып жаткан кадамдарга кубангандыктарын билдиришти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү