БШКнын көзөмөлдөөчү жана текшерүүчү тобунун кайтарылып берилген шайлоо аманаттары боюнча маалыматтары
10 марта 2021
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоосуна катышкан ар бир талапкер БШКнын депозиттик эсебине 1 миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн салган.
Буга ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин жыйырма бир талапкеринен 21 млн сом түшкөн.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 41-беренесине ылайык: Президенттикке талапкерлерге, тизмесин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн саясий партияларга шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет.
1) добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кеминде 1 пайызынын добушун алган адамдар, шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо фондунун түзүлүшүнүн көлөмү жана бардык булактары жөнүндө отчет бергенден кийин, ошондой эле бардык чыгымдардан кийин;
2) эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттин кызмат ордуна талапкерлерин, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алса;
3) шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого мындан ары катышуудан баш тарткандар. Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилет. Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо күрөөлөрүнөн алынган каражаттардын көлөмү, талапкерлерге жана саясий партияларга кайтарылып берилген шайлоо күрөөлөрүнүн көлөмү жана бюджетке которулган сумма жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланат. Конституциялык Мыйзамдын ушул жоболорунун жана БШКнын токтомдорунун негизинде 3 миллион сом кайтарылды:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тарткандыгына байланыштуу эки талапкерге;
- шайлоого мындан ары катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу бир талапкерге. Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кеминде 1 пайызын алган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге 7 миллион сом, шайлоо бүткөндөн кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, кайтарылып берилди. Борбордук шайлоо комиссиясы, алардын фондун түзүүнүн көлөмү жана бардык булактары жөнүндө отчетту, ошондой эле келтирилген чыгымдардын бардыгын тизмеге ылайык:
1. Жапаров С.Н. 1 000 000 сом,
2. Арстанбек Мыктыбек 1 000 000 сом,
3. Сооронкулова К.С. 1 000 000 сом,
4. Ташов И.А. 1 000 000 сом,
5. Сегизбаев А.К. 1 000 000 сом,
6. Мадумаров А.К. 1 000 000 сом,
7. Тольбаев Б.Л. 1 000 000 сом
БАРДЫГЫ 7.000.000 сом.
Добуштардын 1% дан азын алган башка талапкерлердин жана шайлоого мындан ары катышуудан баш тарткан талапкердин 11 миллион сомдук шайлоо күрөөсүнүн калган суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине которулган.
КР БШК Маалымат бөлүмү